Ак эмгегин эл-журтуна арнаган,
Талыкпаган ЗАЛКАР өттү дүйнөдөн.
Калыс болуп, баарын тегиз караган,
Океандай ЧАЛКАР өттү дүйнөдөн.

ИСАК деген АГАЙ, УСТАТ, АТАСЫН
Жоктоп ыйлап, жамы кыргыз журт калды.
Бир кылымдык өмүр бир күн сезилбей,
АГАЙ жүргөн борбор калаа бош калды.

Салабаттуу кадам таштап ар убак
АГАЙ баскан жашыл бульвар бош калды.
Атакесин жоктоп, ыйлап, томсоруп,
Илим-билим үйү КАО бош калды.

Опол тоодой эмгек жасап элине,
Сый-урматка арзып нечен даңктанды.
Тирүүсүндө өзүнө тургузуп эстелик,
АГАЙ эми өлбөстүккө аттанды.

Кайгырсак да, ыйласак да амал жок,
Жоготконду эми кайра табуу жок.
Ичер суусу, көрөр күнү түгөнсө,
Акка моюн сунбаска эч арга жок.

Алакан жайып жашыбыз да, карыбыз,
Куран окуп, бата тилейбиз баарыбыз.
Ыракматына алып Сизди Аллахым,
Жанаттын эң төрүнөн болсун жайыңыз.

Кош болуңуз, асыл ИСАК АГАЙЫБЫЗ.

Абдухамидова Батма
15.04. 2020
Бишкек ш.