Күн батаарда сыртка чыгып кечинде,
Көлөкөгө отурдум бак четинде.
Бир байбиче басып келип жаныма,
Айтып берди көргөндөрүн кезинде.

Мага карап эне сөзүн баштады,
Эске салып баскан жолун баштагы.
Биз ал кезде баёоо элек жөнөкөй,
Кемпир болдук азыр купкуу чачтары

Жаш кезимде таза кармап үйүмдү,
Балдарыма арнап мээрим сүйүүмдү
Талкан мычкып, курут эзип бакчуубуз,
Ал кездеги балдар чыккан күйүмдүү.

Азыркылар аягыңар сай таппай,
Аял азыр, машинеде жер баспай,
Калгансыңар көчө таптап касса ойноп,
Бир да ирет үйгө олтуруп нан жаппай.

Кызматчыга иреттетип үй ичин,
Жүргөнүңөр ресторан күнү-түн,
Калды элеңер күндө көйнөк алмашып,
Жактырбады жаштын мындай жүрүшүн.

Биздин баштан жакшы-жаман күн өткөн,
Ысыраптык акыр түбүңө жеткен.
Бүтүн нандар таштандыда жатышса.
Бүткүл денем, аны көрүп дүр эткен.

Өлбөчүүдөй, чыкпачуудай чымын жан,
Напси агытып, байлык топтоп жулунган
Машиненин көптүгүнөн жол таппай,
Жарым күндө чыгып калган тыгындан.

Таза дилге жакшы сапат түнөсө,
Таңда күндө ырыскысын тилесе.
Жапкан наның,таптап берген тамагың,
Кафелерден таттуу болот жүз эсе.

Чоң эненин айтканына уялдым,
Тууралыкка аргасыздан ынандым,
Жаратканым ашык кетсек кечир деп,
Жалпы элиме аманчылык сурандым.

Адам билбейт алда нени көрөөрүн,
Аллах гана унутпасын береерин.
Пенделерди салып коёр эсине,
Сезип жүргөм ушундай күн келеерин.

Пенделерди акыл эске келтиреер,
Сезип жүргөм ушундай күн келеерин.

Самара Саадалова, акын