Германияда карантинди жумшартуу боюнча жаңы чаралар кабыл алынууда: акырындык менен, тагыраак айтканда 4-майдан тартып окуучулар мектепке бара башташат. Анткен менен өлкөдө жайга чейин чоң, массалык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. 20-апрель дүйшөмбү күнү аянты 800 чарчы метрге чейинки дүкөндөр, ошону менен бирге чач тарачтар жана музейлер ачылат.

Федералдык жерлердин премьер-министрлери менен болгон жыйында Германия канцлери Ангела Меркель мындай деп билдирди:

«Биз мындан ары коомдук турмуштун токтоп туруусуна жол бере албайбыз. Демек, аны акырындык менен өз нугуна салуу керек. Ошол эле учурда инфекциянын таралышындагы ар бир учурду тыкыр көзөмөлгө алып, өтө сак болуубуз зарыл. Бул үчүн биз барыбыз жоопкерчилик тартабыз. Бирок, эң башкы жоопкерчилик Саламаттык сактоо кызматтарына жүктөлөт».

4-майга чейин социалдык контакттарга болгон чектөөлөр кала бермекчи. Бийлик өлкө тургундарына коомдук транспортто жүрүүдө жана дүкөндөргө кирүүдө сөзсүз түрдө коргоочу бет каптарды кийип жүрүү керектигин эскертүүдө. Ошондой эле Австрция, Швейцария, Франция, Люксембург  жана Дания мененболгон чек аралардагыконтролдагысакталабермекчи. Ал эми кафе, ресторан жана барлар жаңы буйрук чыкмайынча иштешпейт.

Бийликтегилер карантинди жумшартуу боюнча кийинки кадамдарды 30-апрелде талкуулашат.

Эскерте кетсек, Германияда бүгүнкү күнгө карата болжол менен 127,5 миң адам коронавирус жуктурса, анын 72,5 миң айыгып, 3 254 бейтап каза болгон.