Өрүк гүлү чачыла бер,чачыла бер,

Төгүлө бер төгүшүндөй жамгырдын,

Жайдары эмес кусалуумун, ызалуу.

Жадыраган жаз күнүндө жалгызмын.

Өрүк гүлү жаралуумун жаралуу,

Өмүрүмө өзүн гана берчи шаң,

Өздөн чыккан жаттан жаным жабыркап,

Өкүнүчтүн капасында олтурам.

Өрүк гүлү тое элекмин бакытка,

Балың менден аары жулуп кетти эле,

Да бир сулуу карегине илинип,

Тартуу кылып жаткан чыгаар белекке.

Өрүк гүлү төгүлө бер, төгүлө бер,

Сүйүү мени да бир ирээт чанууда,

Өрүк гүлү катчы мени муң-зардан,

Жалооруган сүйгөнүм жок жанымда.

Роза Акжол кызы, акын