Адабият

Байлык жана адамдар

Заман болду, жакшылык жүдөп турган,

Байлыгы бар бакыйып сайран курган.

Акча, дүйнө араанын ачкан жерде,

Акыйкаттык бүжурөп ыйлап турган.    

      

Чын элим деп, күйгөндөрдү баалай албай,

Жанын береер мекенчилди тандай албай.

Акчасы көп бирөнү шайлай салып,

Аргасы жок, анын көзүн карап калмай.

Акчаң болсо, Эмгек сиңген эл артистсиң,

Каалагандай кызматка шайланасың.

Бир өмүрүң арнасаң да байкалбастан,

Бир-эки жыл ырдап койсоң бааланасың.

Ченемсиз, күнөөң тоодой болсо дагы,

Амал, акча, билдирбей басып калат.

Айыбынын четин эле кылтыйтканды,

Өлтурөт же, оозун жаап камап салат.

Чындык азыр, жалганга жем болгондой,

Убагында асылдарды коргобойбуз.

Нечен жалын жүрөктөрдун жолун тороп,

демине суу себебиз колдобойбуз.

Сыйлыктын да, кээ-кэде кетип баркы,

эмгек кылгандарды баалабайбыз.

кетсе, өкүнүп аттиң демей,

Тирүү кезде, мактоону каалабайбыз.

Жосунсуз, жорук баштап жерди сатып,

Жети муунга жетээр байлык жыйып алмай.

Көзү туруп, гөрдү сатып алып коюп,

Өлбөй туруп, эстелик куруп салмай.

Чындык бирок, чыркырап күнү келип,

Бир убакта өз үнүн жеткизе алат.

Мейли учур, баалабаса, баалабасын,

Мезгил келип келэр муун баалап алат.

Самара. 15.11.2018

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button