Фахриддин Хайит — өзбек адабиятынын жаш мууну. Жакында Жолон Мамытов агабыздын ырын өзбекче таржима кылыптыр. Бар табагым, кел табагым деген жакшы сөз бар.Жолон Мамытовдун арбагын сыйлаган акынга сый-урмат менен Факриддиндин бир ырын кыргызчага котордум.

Такылдатты, ыйбалуу коргон эшигин,
Эшик ачты энтелеп, оору арык чал.
Босогодо ийилип, колу төшүндө,
Үч бейтааныш турушту азгын, алсыз жан.

— Кош келипсиз, — мейманым, —кош келипсиз,- дейт,
Калтырак бар үнүндө чалдын демигип.
— Келиңиздер! — Атанын жылмаят жүзү,
Өзбек сылык, милайим мүнөзү менен.

Ырахмат айтты, бейтааныш чок болуп табы,
Сөз баштады үмүттүү: -Биз бир мусапыр,
Мен Байлыкмын, бул досум күчтүү бир табып,
Үчүнчүсү ооруу жан, жаман кесел дарт.

Арыганбыз, аныгы жолдо чарчадык,
Бирибизге-бирибиз болдук баш паана.
Мени менен ырас, жашайсыз жыргап,
Табып кирсе табасыз дартка бир дааба.

Ырасын айтсам оору, дарттуу кеселден,
Оорунузга оору, кошоорсуз аба.
Чал ойлонуп олтурбай, келди эзелки,
Көөдөнүндө эчак турмуш койгон шарт!

Айтууга эми камынды, күрсүнүп бир аз,
Суроо салып, таңыркайт меймандар ага.
Кары — кексе карыя сөз баштады жай,
Жообун айтып секин Байлыкка карап:

— Мал-мүлкүң бар эсепсиз, башыңа паана,
Көчө- көйдө асти калбайсың балам.
Табыпка да муктаж, зарыл жандар бар,
Шу, оор дарт үйүмдө калсынчы, тамам!

Кесел кылса оору кесел жанымды,
Бир дартымды мейли дагы кош кылаар,
Бөлүшөмүн ага катуу нанымды,
Азап тартпай калса болду башкалар.

Чал Ооруну чакырып, жаңсап — Кел, — деди.
Байлык кетти, илкийип табып да барат.
Оору дартты ойлонтту чалдын бир кеби,
Эшик аттап эзели баспады кадам.

Бул аксакал карыя Хатамбай эмес,
Карылыктын эң адил ынсабы эле.
Бабалардан сактап келаткан адеп,
Өзбектердин таза ыйманы эле…

Өзбекчеден которгон: Айнагүл Базарбаева. 2020 жыл, 9-апрель, таңкы