Мен жашоодон жоготконду табалбайм.
Мезгил өктөм, каршы чыгып баралбайм.
Кусалыктан жүрөгүмдө так калат,
кубанычка, сүйүүсүнө каналбайм.
Ар бир күндү шүгүр менен өткөрөм,
ал анткени, мен кайрадан жаралбайм.

Улуу көчтү менин жашоом улаган,
учуп бийик, кээде төмөн кулаган.
Жашын төгөт, жараланат жан дүйнө,
жакшысына жаш баладай кубанам.
Жалгыз гана өзүмө эмес, жалпыга
Жараткандан жарык жашоо суранам.

Жалын чачып, жакшылыкка ыктаган,
Жалаң гана жакшы адамдар курчаган.
Жаным кейийт жардам бере албасам,
жанды көрсөм жан дүйнөсү «уктаган».
Жаңы гана тааныгандай дүйнөнү,
жашоодо ар көз ирмемге суктанам.

Өмүр чиркин… Өкчөлөнгөн тагдырлар…
Өтүп келген, өтөт дагы сан жылдар…
Өлчөмүбү? Азбы, көппү ким билет?
Өмүр ширин, өзөгүндө бар жыргал.
Өнүп — өсүп өзгөрбөсө өз дүйнөм,
Өкүнүчтүү… Өтүп кетет ай — жылдар.

Бешболуш Матисаков, акын.