Элмирбек Иманалиев: “Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз … “

629

Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда, кайдаа…
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,
Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик.
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө,
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо, не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!
Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…

Пенде экенбиз кантели өлүп – талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…

Алганыбыз көп болду, беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келатат мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби?..

Ар адамды ар жерде арал кылып,
Арабызды коюлайт караңгылык.
Табыша албай калганча үн каталы,
Таап алалы адамды адам кылып.