Дагы бир нускалуу сөздөн
Кадимки Курманжан датка апабыз Алымбек даткага келгенде «качык келин» аталып, Алымбек датканын апасы анча жактыра берчү эмес экен. Алымбек датканын апасы төрт Алабай дөбөт кармап, жолдон өткөн кербенчилерди айтылуу Алайдын ашуусунан өткөргөнгө жардам берчү дешет. Кыскасы, «таможня» экен ошо учурдун. Кайын энеси Курманжан апабызга ошол иттерине атала бышыртып коет. Курманжан апабыз күнүгө бир казан атала бышырып, иттерге бөлүштүрүп куюп берип, казандын түбүн колу менен шыпырып:»Кудайдын ушунусуна да шүгүр!»- деп аталанын калдыгын жеп, казанды мизилдеп жууп койчу дешет. Аны байкаган кайын энеси: «Бир жетсе Алымбектин баркына ушул качык келин жетет»- дечү дешет. (Алайлык бир замандаш жазуучунун айтканы).
Ырыс көтөрүмдүү зайып гана ырыс топтойт.
Кайсы жерде жүрсөк дагы ырысыбыз кемибесин. Вермишелдин артынан беш бармак жеген күндөр келсин, кыргызга!

Бурул Калчабаева