Мага кагылган телефон коңгуроодогу таанышымдын аба жетпеген үзүл кесил үнү жан дүйнөмдү үркүттү, бечара таанышым бир нерсе болуп кетсем үй бүлөмө бөтөн эмессиң көз сала жүрчү деген жөтөлгө муунган сураныч сөздөрү жасалма дем алдыруучу аппараттын чыйкылдаган үнүнө аралаш чыгып бул коркунуч ар бирбиздин босогодо эле жүргөнүн туйунтту.

Урматтуу достор, күндөн күнгө адам аттуунун баары аты жаман ооруга үйүр алып, кээ бир саясатчылар мындай оору жок деп үгүт жүргүзгөнгө жетишсе, кээ бир дарыланып айыгып чыкты дегендер бир тоголок дары берген жок жөн эле жаттым деп айтып, үйдө камалып отурган көпчүлүктүн башы айлагандай ахыбалга келдик.

Ырас өзүм дагы алгач күндөрдөн баштап муктаждарга азык түлүк маска таратуучулардын катарында болуп, бул кокунучка көп маани бербегендердин катарында жүрдүм, 2 күн мурун абдан жакын санаалаш таанышымдын телефон коңгуроосу ансыз да буулугуп турган жан дүйнөмдү селт эткизди.

Негизи фб талаасын таптакыр эле жаап салып, фейсбуктан кетип өзүм менен өзүм болгум келип жан дүйнөм жалгыздыкты самап баштады эле, бул коңгуроодон кийин аз болсо да башкаларга ал жай сурашып маалымат жеткирип туруу үчүн ал оюмдан кайттым.

Биз баарыбыз көндүм болуп, бул оору жок экен жөн салды эле ойдон чыгарылган акча жасамай окшойт деген түкшүмөл пикирлер башталгандан баштап баарыбыз эле моюн сунгандай жай турмуш арабасын кылдыратып баштагандайбыз. Тилекке каршы бар экен, болгондо дагы өтө коркунучтуу оору ар бирибиздин жакындарыбызды, жада калса өзүбүздү дагы акмалап жүргөнүн айтып койгум келди. Абайлайлы, сактансаң сактайм деген жараткан дагы, сактаналы туугандар!

Мага кагылган телефон коңгуроодогу таанышымдын аба жетпеген үзүл кесил үнү жан дүйнөмдү үркүттү, бечара таанышым бир нерсе болуп кетсем үй бүлөмө бөтөн эмессиң көз сала жүрчү деген жөтөлгө муунган сураныч сөздөрү жасалма дем алдыруучу аппараттын чыйкылдаган үнүнө аралаш чыгып бул коркунуч ар бирбиздин босогодо эле жүргөнүн туйунтту.

Инфекциялык оорукананын башкы врачы биздин айылдаш ага болгондуктан телефон номерин терип андан сурадым, ахыбалы оор дейт, урматтуу мекендештер ар бириңиздердин ден соолугуңуздар өмүрүңүздөр мекен үчүн кымбат, жок дегенде жалган маалыматтардын таралышына бөгөт болуп өлкөбүзгө жардам берели, баарыңыздарга ден соолук өмүр тилейм.🙏 #жардам_бер_үйдөн_чыкпа_өзүңдү_өлкөнү_ая

Бул макаланы КРнын эмгек синирген артисти Сыймык Бейшекеев фейсбуктагы баракчасына жазып калтырган.