Төгөрөгүм төрт тарабым маскачан

Маска ичинде бирөө түлкү, төөлөрү бар,

Эчки, койу, булбулу бар сайраган

Кай бирлери карышкырдай улуган

Арстаны бар азууларын арсайтып

Бет келгенин жара тартып жулунган

Кээ бирлери жаналгычтай, шайтандай

Көздөрүнө кароо кыйын бет багып

Шайтан сымал куйругу да көрүнчүдөй

Сыйрышса эле беткабын

Алар эчак унуткандай сезилет

Бул жашоодо өмүр, өлүм да агын

Кээ бирлери апапакай периште

Эч себеп жок наалышка да, кейишке

Өзүмдү да көрөмүн рас, арасынан алардын

Бала кезде бар эле маймыл маска

Балатыга тагынчу, алайган, көзү кашка

Элейип, элдейип турам ошол маймылдай

Жылмайымыш болом, дайны жок эле

Ыр жазымыш болом, алым шол эле

Андай деле жакшы ырлар жазылбайт

Маймыл мээде кайсы ырлар кыйраткан

Кибиң-кибиң битин терген маймылдай,

Кибиң-кибиң жан дүйнөмө үңүлөм,

Отурамын, шол олтуруш күнүгө

Алып-жулкуп же карышкыр боло албайм

Арстан болуш кайдан менин алыма

Табиятты көбү жаңы көргөнсүп

Калды дешет бир башкача мемиреп

Кээ бир сөздөр күлкүңдү да келтирет

Илгери да булбул бакта сайрачу,

Карга жүрчү каркылдап,

Бирине-бирине эч бир кылбай кыянат

Ай ааламды чаң-будуңга айланткан

Адамзаттын маймылдары уялаар

Баары эзелки, ошол ошол табият

А жер болсо өз огунда айланат

Азуулуусу, кумурскасы дагы бар

Жаратылыш мыйзамы бар, заңы бар

Адам деле кылса баам парасат

Табиятка аң-сезимдүү жаныбар

Бар болгону макулуктук айырма

Арстан арстан, түлкү түлкү сыңар

Жашоо улайт тоо-токойдо аң уулап

Адам адам бойдон киши сымал

Жер бетинде калуу кыйын баарынан

  Айнагүл Базарбаева, акын