«Мен сизди сагындым. Күлүмсүрөгөн жүзүңүздү, сулуу көздөрүнүздү, жумшак үнүңүздү сагындым. Эсиңиздеби, бир жолу кандайдыр операция жөнүндө айттыңыз. Билдирбесем да, дилимден катуу сынып калдым. Мага сиздин жакшы жагыңыз да, жаман жагыңыз да, кыз жандуулугуңуз да жагат.

Мен бул күндөлүктү жаңы көчуп барган ижарадагы эски сандыктын ичинен таап алгам. Үй ээсине көрсөтсөм; «Ыргытып жибер. Бирөөнүкү чыгар» — деди кайдыгер. Ыргытканга кыйбадым. Ансыз деле сынган көңүл жонүндө экен. Дагы сынбасын. Кям жогопу экен? Кандай жан? Сулуубу же өңү сертпи?

Кандай адам болсоң да жүрөгүң сулуу экенин сездим тагдырлашым. Тагдырлаш эмей эмнебиз. Мен сенден кайра эле бактысыз өзүмдү керүп жатпаймынбы. Жок, тагыраак айтканда сен меңден бактылуу экенсиң. Анткени, сен бирөөнү сүйө алыпсың. Менин шорумбу, бактымбы секелек кезде дилди ээлеген жандан башканы сүйө албай койбодумбу.

Ким, кандай жан болсоң болсоң да күңдөлүгүңдү жоголду деп кейибе. Жоголгон жок, кайра төрөлдү.

«Мен сизди сагындым. Күлүмсүрөгөн жүзүңүздү, сулуу көздөрүнүздү, жумшак үнүңүздү сагындым. Эсиңиздеби, бир жолу кандайдыр операция жөнүндө айттыңыз. Билдирбесем да, дилимден катуу сынып калдым. Мага сиздин жакшы жагыңыз да, жаман жагыңыз да, кыз жандуулугуңуз да жагат.

А менинчи… Менин алда неге кырсыга түшкөнүмдү туйганыңызды сулуу көздөрүңүздөн көрдүм. Сезимталым, ташбоорум…

Сизге түн бир оокумга чейин телефон чалып, чалган сайын телефонуңуз зыркырай, трубкасы жүгүрүп сизди издеп жөнөчүдөй дирилдегенин жүрөгүм менен көрүп турдум. Сизди сагындым десем мыйыгыңыздан шылдындуу жылмайбаң каралдым. Мен сизди эмес, сизге байырдаган жан дүйнөмдү, сшдин энчиңизге буйруган көңүл кубанчын сагындым. Ушунун баарын өзүңүзгө каратып албадыңызбы.

Сиздин жаныңызда кандай жакшы. Дүйнөм түгөл, көңүлүм ток экенин сезет болдуңуз бекен. Кечээ жолдошум звонок кылыптыр. Коркуп кеттим. Аньш звоногунан эмес, сизден айрылып, жат болуп кетүүдөн коркуп кеттим. Кечинде сизге, өз коркуумдан өзүм качып бардым. Уктабай күтүп отурупсуз. Кирип эле мойнуңузга асылган мени жумшак кучактап, бооруңузга кыстыңыз. Заматта баары унутулуп, конур үнүңуз, сулуу көздөрүңүз, ысык колдорунуз кыжаалатчылыгымды жууп кетги.   

Ажайып тааныш жытыңызды жыттаарым менен баарын унуттум. «Акылың бар, эсиң жок. Эси жогум» — дедиңиз  жумшак   эркелетип.   «Кубатым, кубатым»  деп,  төгүлө   элжирей   жалбарсам, «антпе,   эси   жок    десе»    —     деп,   үнүңүз билинер-билинбес толкундангандай дирилдеп кетти. Чай ичтик. Мен жасаган салатты мактап жесеңиз аябай сүйүндүм. Сиз сүйүнтүүгө жаралгансыз..

Сизге кызыккандарга айтың, сиздин жан-дүйнөңүздөгү менин ордума суук колун агытышпасын. Ал орун менин бир нече жылдык көз жашыңдын, күтүүмдүн, жалгыздыктан көңүлү өлгөн жүрөк кусамдын төлөмөрү.

Мага  телефондон   «үйдө   болбойм,   убара болуп телефон чалба», дегениңизден кийин, сиз үйгө бирөөнү алып келгендей жүрөгүм сыздады.

Мейли падышам өз эркиңиз, бирок эсиңизде болсун, сизди менин сиз арналган сезимдерим кайтарып турат. Сезимдердин үнсүз солуктаган

ыйына; дил канаган күйүтүнө түтсөңүз ошол түндү башка бирөө менен өткөрүң, анткени, сиз бир  эле  аял  менен  чектелчү  эркек эмессиз.

Жооткотоор жалгыз гана ишенчим, менчелик сизди эч ким сүйүп, баалай албайт. Эсиңизде болсун, сиз аларга эркек катары гана керексиз. А

мага    болсо,    жакшы    үмүт,    жалгыздыктан калкаланаар   караан,   жөлөк;   жаман   жолдон сактачу тумар, жабыркаган дүйнөмө даба катары

зарылсыз. Абдан, абдан зарылсыз…   Атаганат, сиз муну түшүнгөңдө абдан кеч болуп калаар бекен.

(Уландысы бар)

Айжаркын Эргешова, акын, журналист