Байкуш ары-бери жылып атып, чарчаган апрелдин башталышы…

Достор бир күн мурда даярдап койгон азык-түлүктөрдү 10–20дан болуп , машиналарыбызга салып алып, бири-бирибизге «этият бол, масканды, колкапты чечпе» – деп коюп,тарап кеттик…


– Саламатсызбы? Сиз бизге жардам сурап кайрылган экенсиз.Чекиш-Атага келип калдык, дарегинизди тагыраак айтып коесузбу?
– Чоң жолдон оңго киресиздер….
Телефонду өчүрүп койду …
– Алло, чоң кыз объезд тараптан келе жатабыз, Аламедин базары тараптан эмес, ошондо точно оңго бурулабызбы? Кайсы көчөдөн бурулабыз?


– Абез дейсизби? Ал кайсы жак?
– Чоң кыз, жашаган көчөңдүн атын, үй номерин айтчы, өзүбүз таап алабыз. Бизде Чекиш-Ата деп эле жазылып турат
–Азыр….
Кайра өчүрүп салды
– Алло, чон кыз телефонду өчүрбөй эле сурай берсеңиз…
Эптеп издеген даректи таптык..
…. Сезим 28 жаштамын, 5 балам бар, улуусу 8 жашта, окутканга мүмкүнчүлүгүм жок таежеме бердим, күйөөм таштап кеткен – дейт…
Кечинде, үйгө кирип эле Вотсапп группадан сүйлөшүп баштадык… Биз ошол күнү барган 150 үй-бүлөдөн 142си күйөөсү таштап кеткен аялдар экен…

Эң азы 3, а так 4–5, бирөөсү 8 баласын жалгыз тарбиялап, багып аткан аялдар. Аялдар дегенде, көпчүлүгү 30 га чыга элек келиндер…
Ошентип, 3 жолкуда баш аягы 480 адреске барган болсок, 400дөйүндө, балдар атасы жок чоноюп атышыптыр…

Талкаланган тагдырлар!!! Ким күнөөлүү???

Өз дарегин тагыраак айталбаган, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалыматы жок, – «тигине окугандардын баарынын диплому жумуш жок, чаң басып жатат, сени окутканга акча да жок, кыз баланын талаалап жургону жакшы эмес» – деп, биринчи келген жуучуга, ата-энесинин айтканына каршы боло албай 18–19 жашында күйөөгө тийген кыздарбы?
– Салпактап күндөп-түндөп, үй бетин көрбөй калды, тез үйлөндүрүп кутулбасак болбойт – десе, эч кандай жоопкерчилик жөнүндө оюу да жок, макул болгон 20–21 жаштагы балдарбы?

Бул улуттун трагедиясы, тез арада үй-бүлө институтун түзүш керек, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек – деген, биз сыяктуу, ушул күндөрү эл аралап жүргөн замандаштарымдын посторун окуп атам …
Сиздердин оюнуздар…???

Инаят Ниматова, ишкер, жарандык активист.