… Шаар мен үчүн онунчу жатаканадан башталган. Зайырбек акын ырга салган бул имарат биз келгенде талашка түшүп жаткан кези экен. Анысын биз кайдан түшүнмөк элек. Анда бул имарат бөлмө куру калбай ыр окулуп, Манас айтылып, коридору шаңга бөлөнүп турган шаттыктын, жаштыктын ордосу эле..
… Мага бул жайда жалан өнөрү күчтүү, жүрөктөрү жалындаган жаштар чогулгандай сезилчү. Күнү-түнү калем учталып, канча ыр жазылып, канча ак барактар айрылып, кайра жазылды экен. Канча кайрыктар дубалдарга сиңип, канча сөздөр тамга болбой калкып калды…
Булар ошондо эле күчтүү эле. Булар толкун болуп ташып-төгүлүүгө даярданып, ошол жатакананын ичинде өнөр деген чоң сапарга чыгыш үчүн камданып, мүдүрүлсө кайра туруп, ачка калып, анысын да ырга айлантып, такшалып, бышып жүргөн кездери экен…
Анан бир топ, күчтүү топ болуп чыга келишти. Ар кими өз өнөр сересинен туруп кызматын кыла башташты. Эч кимиси байып кеткен жок. Кечөө жакынга чейин үй жайы да жок жүрүштү. Ачка жүрүштү. Карыз болушту. Бирок, эч кимиси кайткан жок!!! «Кыргызга каруум казык, каным азык» деп тандаган жолунан кайтышкан жок.
Биздин онунчу жатакана. Биздин жаштык. Биздин көктөмдүн акындары. Биздин жакшылар, аранар суюлбасынчы мындан ары. Аягыла өзүңөрдү…

Зайырбектин арты кайрылуу болсун!!!Мыктыбыз эле…

Айдай Ивакова, журналист.