Илгери албарсты көп болоор эле дешет. Ал неме көңүлү түшкөн адамга жакыны болуп кубулуп келип, аны азгырып кетчү экен. «Баланчанын Түкүнчө аттуу баласын азыткы кечке жуук уурдап кетип, агыны катуу суунун ортосундагы аралчага отургузуп коюптур» деген сыяктуу сөздөрдү кечээ жакында деле угуп жүрдүм. Буга ишенем. Себеби, албарстыны мен да өз көзүм менен көргөм.


Анда кичинекей кезим. Жайлоодобуз. Бозүйдүн артында ойноп жүрсөм, шаардан келген тууганыбыздын кызы (аты жашырылды) ышкынга барып-келели деп мени жетелеп жөнөдү. Экөөбүз тоо бетинде өрдөп кете бердик. Бир топ эле жогору чыгып калган кезде, тээ бозүй тараптан мени чакырып кыйкырган үндөр угула баштады.


-Бол, батыраак… Тиги кырды ашып кетсек эле аларга көрүнбөй калабыз, — деди кыз мени шаштырып.
Мен болбодум, кетенчиктеп. Кыз болсо, шашкалактап, колумдан тарткылап жатты.
Анан өзүм да түшүнбөй калдым. Эми эле колумдан тарткылап жаткан кыз көз ачып-жумгуча көрүнбөй калса болобу. Ошол замат төмөн карай зуулдаган бойдон чуркап жөнөдүм.


Келсем, жанагы кыз үйдө экен. Эч жакка чыкпай эле, кымызга талыкшып уктап жатыптыр. «Сени албарсты азгырды» деген сөзгө ошондо анча маани бербегеним менен, кийинчерээк ишендим.


Жогоруда айткан аңгемем, албетте, кашкайган чындык. Ал эми төмөндөгу «окуям» — өзүмдүн фантазиямдан жаралган тамаша:
Албарсты азыркы учурда деле бар турбайбы Кечке маал сырттан мени чакырган кимдир бирөөнүн доошу угулуп калды. Чыктым. Бейтааныш жигит туруптур.

Байке, — деди ал, мага 500 сом сунуп жатып. -Мен эртеңки шайлоого карата келдим эле. Биздин партиянын программасы: адамдарды байытуу, жыргатуу, узак жашатуу. Бойдокторду жубайлуу кылабыз. Төрөбөгөн аялдарды төрөтөбүз. Бул тууралуу мурда эле жарыя берген болчубуз. Бизге кайрылган аялдар бүт төрөп кетип жатышат. Бая күнү адашып, эркек кишини төрөтүп алыппыз. Ошол… Эртең биздин партияны колдоп коюңуз!
Ушул жигит бир гана мени эмес, бүтүндөй айылдаштарымды азгырыптыр. Азыткыга азгырылганыбызды кийин гана билип, өкүнүп калдык.

Орозбек Казыбек уулу