Сезим. Эң назик, эң таза жана аруу. Качандыр бир кезде менин кыялым гимназия мектебин аяктап, университетке окуу эле. Бирок келишкен келбетим , өңү-түсүм өзүмө тоскоол болоорун ошондо билбептирмин.

Май айы айыл жапжашыл барып кымыз ичип кел, анан экзамендер башталып калса кайдагы эс алуу деп ата-энем айылда таэкемдикине жиберди. Айылдын таза абасы, жөнөкөй жарандары мага жакты. Кыргызча жакшы билбейм.

Мен сүйлөгөн сайын таэкемдин балдары боор эзилгиче күлөт. Бир күнү жеңем «кыз, жүр булакка барып суу алып келели» деп калды. Экөөбүз ээрчишип кыткылыктап булакка келдик. Булактын суусу туптунук шылдырап агып, түбүндө таштар көрүнөт. Чакага суу алып үйгө көздөй жол алдык, астыбызга зуулдап бир машина келди да токтоп, ичинен төрт жигит чыгып мени салып кетти. Айгайлап «не трогайте меня» деп шатырата сөгүп баратам.

Ошентип ойлобогон жерден айылга келин болдум. Жеңемди күнөөлөп жүрдүм сен кылдың деп. Антпей эле, жолдошум бир көрүп сүйүп ала качкан экен. Бактыма күйөөм, кайынэнем жакшы чыкты. Шаардык келиним деп баарын үйрөтүп, тарбиялап алды.

Мен барган үйдүн малы көп экен. Башында жолдошумду жыттанасың деп жүрдүм, кой сойгондо ыйладым, койго боорум ачып. Эң жаманы ичеги карын тазалаган болду. Жытына араң чыдагам. Бир канча ирет качуунун амалын издедим. Уй сааганда колума доктурлар кийчү мээлей кийип жүрүп үйрөндүм. Бир күнү жолдошум атка отургузуп экөөбүз тоого чыктык, баарын айтып берип, дүрбү менен тегеректи көрсөттү. Тоонун гүлдөрү жыты буркурайт.

Ошондо мен чыныгы сезим, жүрөгү сүйүүгө толгон көздөрү менен мени карап, баары жогун мага арнаган жолдошумду сүйүп баштадым.

Арадан көп убакыт өттү андан бери, айылдын мыкты келини болдум. Кой сойгондо баягыдай мурун чүйрүмөй жок, жөргөм жасап, быжыга чейин бышырам.

Кышында жаңы туулган козулар энесин эме албай кыйналат. Аларды энесине эмизип, кичирээктерин үйгө алып кирип жылытып, сүт берип карайм. Тооктор чөптүн арасына жумурткалайт. Аларды издеген өзүнчө рахат.

Топ жумуртка таап алсаң алтын тапкандай эле болосуң.

Өзгөчө кайынэнеме ыраазымын бир да кабагын түйүп каарын көрсөтпөдү. Тескерисинче жылуу кийин деп үйрүлүп үстүмө түшүп турса кантип анан кыр көрсөтөм.