Кыргыз театры менен киносунун эң сулуу, эң таланттуу актрисасы Таттыбүбү  Турсунбаева менен Кыргызстанды биякка коелу, Советтер Союзуна  чейин даңкы кеткен атактуу режиссер Искендер Рыскуловду эмне байланыштырат? Бул эки таланттын бири-бирине кандай тиешеси бар?

Ушул туурасында драматург, театр иликтөөчү, театр жана кинорежиссеру Жаныш Кулмамбетовго суроо салганбыз.

-Жаныш Осмонович, сиз театрды өтө мыкты билесиз. Анын өкүлдөрү туурасында да маалыматыңыз абдан кеңири. Айтыңызчы, Таттыбүбү Турсунбаева менен Искендер Рыскуловду эмне байланыштырат?

-Биринчиден, Таттыбүбү менен Искендер – курсташтар. 1962-жылы Ташкенттеги  театр искусствосу жана сүрөт өнөрү институтуна чогуу тапшырып, өтүшкөн 12 улан-кыздын ичинде, экөө бар. Бирөө кийин, ченде жок сулуу, ошого жараша таланты да ашкере  актриса болуп чыга келди. Ушул кезге чейин кыргыздын оозунан түшпөгөн легендага айланды. Ал-Таттыбүбү. Экинчиси, адегенде артисттик кесиптин табиятын үйрөнүп, андан кийин режиссуранын татаал жолуна түшкөн, кыргыз театрынын эң гениалдуу таланты, Советтер Союзундагы беш мыкты режиссердун катарына кирген, Кыргызстанда биринчи жолу чет өлкөлөргө  чакыртылып, оригиналдуу спектаклдерди койгон инсан. Ал – Искендер.

Уркуя — Таттыбубу Турсунбаева

-Демек, экөөнүн чыгармачылык жолу бир болгон турбайбы? Анда Таттыбүбү Турсунбаева Искендер Рыскуловдун кайсы атактуу спектаклдеринде роль ойноду эле? Мындай таланттуу, сахна үчүн жаралган курсташына ошондой оригиналдуу  режиссер  кандай ролдорду берди?

-Андай мүмкүнчүлүк Таттыбүбүдө да, Искендерде да болгон эмес. Анткени, Таттыбүбү 1966-жылы Ташкенттеги окуусун аяктап келип эле Кыргыз мамлекеттик драма театрына актриса болуп кирген, ошондон өмүрүнүн акырына чейин ушул коллективде иштеди. А Искендер Рыскулов бир жылча театрда жүрүп, 1967-жылы Москвадагы мамлекеттик театр өнөрү институтунун режиссура бөлүмүнө кирип, 1972-жылы аяктап чыгып, андан соң ошол жылы ачылган Ош кыргыз драма театрында экинчи режиссер болуп эмгектене баштаган. Искендер Ош театрына жаңы эле кирип, чыгармачыл чыйырын баштап жаткан тапта, Таттыбүбүнүн даңкы Кыргызстанга кеңири тараган учур болчу. Актриса Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында көрүнүктүү ролдорду биринен сала бирин ойноп жаткан мезгили.  Айрыкча, “Ак боз аттагы” Лайлуму, “Өлбөстүн үрөнүндөгү” Төрөканы, “Төрт  адамдагы” Назиси, “Ромео менен Жульеаттадагы” Жульеттасы кыргыз көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө айланып турган чак. Өзгөчө “Ак Мөөрдөгү” Ак Мөөрү бүтүндөй калың элдин карегине чөккөн маал. А Искендер Ош театрын дүңгүрөтүп, өзүнүн да атагы Советтер Союзуна кеңири тараган мезгил он чакты жылды кучагына камтып турат. Ал учурда режиссер Оштон тышкаары, Болгария, Венгрия, Румыния сыяктуу чет өлкөгө, Балтика боюндагы республикаларга  чыгып оюн кое баштаган. Тилекке каршы, 1984-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик драма театрына оюн коюп берүүгө чолосу тийген эмес.

-Өкүнүчтүү болгон экен. Анда Таттыбүбү Турсунбаева менен Искендер Рыскуловдун чыгармачылык жолдору 1967-жылдан кийин кайчылашкан эмес турбайбы?

-Биринчи учур деп жогоруда айттым, экөөнүн курсташ болгонун. А экинчи учур болсо, дал ошол экөөнүн биргелешкен чыгармачылык таржымалына байланышкан.

-Сиз айтып жатпайсызбы, экөөнүн чыгармачылыгы эки башка театрда өткөн, кайчылашкан эмес деп.

-Ооба, ал театрга тиешелүү. Ал эми кинодо, кадимки “Уркуяда” Искендер Рыскулов Уркуянын күйөөсү Колдоштун ролун ойногон.

Колдош – Искендер Рыскулов

-Колдош Искендер Рыскуловбу?!.

-Искендер Рыскулов. Албетте, ал жерде анын режиссердук таланты эмес, актердук өнөрү ачылган. Менин оюмча Искендер Рыскуловдун бул ролу өтө ийгиликтүү чыккан. Ушул жерде экөөнүн тыгыз чыгармачылык өнөктөштүгү бар – Уркуя менен Колдош. Негизи, Искендер жети-сегиз фильмге тартылган.

-Сиз кандай деп ойлойсуз, кокус экөө бир театрда иштеп калса биргелешкен чыгармачылык ийгиликтер болот беле?

-Албетте болмок. Искендер сыяктуу гениалдуу талант Таттыбүбүдөй сахна жылдызына айланган курсташына роль бербей коймок эмес. Балким, атайын ага арнап спектаклдерди коймок. Искендер биринчи кезекте артисттин талантына  ашык болгон режиссер. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына өткөндөн кийин, Советбек Жумадылов үчүн дароо төрт спектаклди биринин артынан бирин койгон.

-Жаныш Осмонович, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!

Булак: Abal.kg