«Бишкексууканал» шаар тургундарынан муздак суу үчүн май айынан сентябрга чейин алдын ала акы төлөөнү талап кылууда.

Мындай маалыматты Фейсбук колдонуучуларынын бири «Черный список – нам не понравилось» тайпасына жазып чыкты.

«Азыр карантинде жумуш жок отурганда бул эмне кылганы бийликтин. Биз жашылча жемиштерди суугарган үчүн алты айга алдын ала төлөө керек экенбиз. Менин айрым кошуналарымда суугарчу жери жок. Бул мага сүйлөшүү үчүн бир секунддага акча төлөп, жарык жок тезек терген заманды эскертип жатат», – деген Жаке Маке деген аккаунттун ээси.