Блогер блок

Аялың бар экенин билсем, жолобойт элем го …

Кызыл гүлгө кимдер гана кызыкпайт, жайкалып өсүп, жыпарын чачып турса. Жакшы сүйлөп, жан алы калбай, ичиңе ийрилип кирип, үстүңө үйрүлүп түшүп жатканда, ары жагыңда арам оюң билсем кана.

Азыр минтип башыма кошуп балаңды боорума кысып, арман жутпайт элем. 19га толуп, жашоонун кызыгын көрүп, кыздар менен күлкүлүбүз тыйылбай сейилдеп жүрүп, сенин торуңа чалынгам. Таанышкан кезде сен бойдок эмес белең, күзүндө тоюбуз болуп, ата-энемдин колунан алып кетмексиң. Биз курбу кызымдын туулган күнүндө кафеден тааныштык, досторуң менен эс алып жүрүпсүң. Ошол күндөн мага ач кенедей жабыштың да калдың.

Жаш туруп эмне мынча амалкөйсүң, кантип бир мезгилде эки кыздын башын айландырдың. Тагдырдын тамашасын көр, аз келгендей экөөбүз бирдей боюбузга бүткөнүн. Сен арам оюнда бирөөнү ойнотуп, эс алып шапар тепкенге, экинчисин аялдыкка алам дедиңби? Ооба сени курбу кызым көрбөгөндө аялың менен дүкөндө жүргөнүңдү сүрөткө тартып келбегенде, күзүндө той деп, курсагымды сылап жүрө бермекмин.

Сенин аялың экөөңдү көрүп, ичим бурап ооруп, белим ооруп толгоом башталды. Чогуу жашаган кыздар төрөт үйүнө алып барышты. Баламды боорума кысып, таэжем менен чыгып баратсам сени көрдүм, аялың көз жарыптыр. Меники эркек, аныкы кыз. Сага смс жаздым, баарын айттым. Сенден болгону кайгырба сени таштабайм, окууңдун акчасын, батирдин акчасын төлөп турам деген жооп келди.

Акмак, менин күнүм эмне болот, балам атасыз өсөт, мен көмүскөдө калам, кыз атымды булгадың. Аялың барын билсем, сенден оолак болмокмун, чачымдын бир талын карматпайт элем.

Кагылайын кыздар, жылуу сөздөргө, калп сүйүүгө алданбагыла, абай болгула, мага окшоп арман уусун ичпегиле.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button