Урматтуу Сыймык мырза (Жапыкеев)!
Сиздин эл душмандарынын бетин ачып жатканыңыз жакшы көрүнүш. Бул нерселерди элдин баары эле билет, бирок, айтайын деген эр жүрөктөр жок. Ушундан улам Сизге эл ишенип, колдоп жаткандыктан, Сизге берилчү неудобный суроолорду берип тактап коеюн. Тарых үчүн бул нерсе да керек. Эгер ушул суроолорго ынанымдуу жооп берсеңиз, бийликти Акаев заманынан бери сындап келген адам катары “азамат!” экен дейин. Ошого байланыштуу жигирма жетита суроого жооп берсеңиз. Мүмкүн болсо ар бир суроону окуп, видеого тартып жооп берсеңиз мен эле эмес эл да билсин:
1. Сиз бийликти акыркы жарым жылдан баштап эле сындай баштадыңыз. Мурда кайда жүрдүңүз эле? Акаев учурунда кайсы жумушта, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев учурунда кайсы кызматтарда иштегенсиз?
2. Сиз бийликти сындап баштаганда өзүнүн арты таза эмес, ошол себептен “хорошая защита – нападение” деген сөздөрдү айтышкан. Сизди эмнеге арты таза эмес деп айтышты эле, эмнеден улам вдруг бийликти сындай баштадыңыз?
3. Мурунураак кыргыз-калмак Манасты өлтүргөнсүңөр деп чабышпагылачы, Манас жок нерсе, ал болгон эмес, ал жомок деп айткансыз? Жакынкы турмушта кайсы жерде кыргыздар калмактарды кемсинтип же кордоду эле? Эмнеге бул теманы көтөрүп чыккансыз? Мындай чычалоого караганда Сизди калмак дегендер чын окшойт? Жети атаңызды санап, кыргыздын кайсы уруусуна барып такалганыңызды айтып кетсеңиз жакшы болмок.
4. Садыр Жапаров Кумтөр маселесин көтөргөнү үчүн бийликтин душманына айланган. А Сиз убагында Кумтөрдүн адвокаты болгонсуз. Өз ишин өтө мыкты аткарды, күчтүү адвокат деп Кумтөр расмий түрдө характеристика берген. Демек, Кыргызстандын байлыгын тоноп кетип жаткан Кумтөргө мыкты адвокат болуп иштеп, анан Жапаровду колдоп чыгуу, жана мекенчилдик жөнүндө сөз кылуу моралдык жактан туурабы?
5. Сиз дүйнөнүн кыдырып келгенмин деп өзүңүз мактанып жүрөсүз. Өмүр бою таза прокурор болуп иштесеңиз, саякаттаганга каражатты кайдан алдыңыз эле?
6. Кухня 1,2,3… деп чыгып атасыз. Андай квартира кеминде 100 миң доллардан өйдө турган үйлөргө кирет. Мындай үйдү алуу үчүн каражатты кайдан таптыңыз?
7. Элдер кайрымдуулук иштерин жасап жатабыз дегенди Сиз пакет таркатып деп айттыңыз, ал каражатты байлардан алып, анан мэриядагыдай кымбат баа менен алган болуп ортодон пайда көрүп жатат деген божомолдорго кандай жооп бересиз?
Себеби, Данияр Чормошев, Хабиб Арзыкулов сыяктуу жигиттер мындай азык-түлүк түрүндөгү кайрымдуулук иштерин илгертен соопчулук үчүн, Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап келишкен. Алар өздөрү 5 убак намаз окушат. Соопчулук, кайрымдуулук дегенди такай жасашып, өздөрүнүн ыйманын бекемдөө менен ал аракеттери чын дилден экенин далилдеп келишет. Ушундан улам кийинки суроо:
8. Сиз Кудайга ишенесизби? Намаз окуп, орозо кармап, жума намазга барасызбы? Буга чейин кандай кайрымдуулук иштерин жасадыңыз эле?
9. Кубанычбек Жумалиев ар кайсы мамлекеттик кызматта кесиби, тажрыйбасы туура келсе да, келбесе да иштегенин, байлыгынын адреси жок экенин Акаевдин учурунан эле бери баары билет. Эмнеге Сиз прокурор болуп турган учурда айтып чыккан жоксуз?
10. Негизи эле, прокурор болуп турган учурда кайсы резонанстуу иштердин бетин ачтыңыз эле?
11. Прокурор болуп турганда пара алдыңыз беле?
12. Арпачиев сыяктуу прокурорлор подстава болуп камалып кетишти деп коргоп жатасыз. А алар пара менен кармалган видеолорду көргөн элдин баары анда сокурбу же ал дагы монтажбы?
13. Матраимовдордун кланын коомчулук сындап, коррупционер деп айыптап жаткан заманда Сиз аларды мактап, коргоп, анан Жумалиевди коррупционер дегениңиз логикага туура келеби? Сиз үчүн Раим Матраимов ким?
14. Эл арасында коомчулукту алаксытуу үчүн бирөөлөрдүн заказын аткарып жатат деген кептер айтылууда. Кимдин өтүнүчү менен Жумалиевди вдруг көтөрүп чыктыңыз?
15. Бабановду бай эмес деп коргогондой позицияны карманасыз. Анын кыргыз эли мигрант болуп ар кайсы өлкөдө жумуш издеп жүргөндө Пензага завод салганын, бирөөнүн бизнестерин тартып алган деген айыптоолорду прокурор болуп жүргөндө уксаңыз керек? Эмнеге ошол темада сөз козгобойсуз?
16. Амбицияңызды жашырбай эле бизди колдосоңор бир жылда карыздан кутултабыз, бир жылда мынтебиз деп убада берип жатасыз. Сиз кайсы кызматта, кимдин ролунда мындай тарыхий кадамдарды ишке ашырайын дейсиз?
17. “Манас” жомок. Ал болгон эмес деп алып, эл тепкилей баштаганда кайра Манас бар экен, мен билбептирмин деп позицияңыздан тайганыңыз эртең кокус саясатка келсеңиз бир позицияны айтып, кайра өзгөрүп сатылып кетүүчү саясатчы болуп калуунун белгиси эмеспи?
18. “Чоң казат” деген бул – ачык айтканда СОГУШ. Сиз “Чоң Казатка” кошулгула деп элди согушка, кан төгүүгө чакырып жатасызбы?
19. Садыр Жапаровго байланыштуу митингге элдин баарын чыккыла деп чакырганыңызды көргөнбүз. А ошол күнү Сизди ит менен издеп таппай калышты. Эмне себептен өзүңүз чакырык таштаган митингге барбай койдуңуз?
20. Адатта элди ушинтип дүрбөтүп, бирок, эч кандай жаза албай калган адамдарды сексот бул деп шек санашат. Сиз атайын кызматтардын агенти эмессизби?
21. Эгер агенти болбосоңуз, эмнеге митингге чакырык таштаган адам катары Сизди камаган жок?
22. Канчалаган орган кызматкерлери, журналисттер, активисттер, бийликти, кээ бир кландарды сындаганы үчүн куугунтук жеп, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Сиздин ушунчалык сындап туруп эч кандай коркутуу, жазалоого туш болбогонуңуз бийликтин проектиси катары шектенүүгө түрткөнүнө кандай дейсиз?
23. Жогорудагы ойду улай, карапайым элдин башын айлантыш үчүн кээ бир бийликке жакпаган саясатчылардын бетин ачып, аны каматтырып туруп, Сизди баатыр көрсөтүп, Сиздин тегерегиңизге адашкан элди бириктирип кайра эле бийликке кызмат кылуу проектиси эмессизби?
24. Сизди наркош деп далилсиз жазган комментарийлерди окуп калдым. Бул албетте жалган жалаа болушу мүмкүн. Баңги затын колдонгонсузбу жана учурда колдоносузбу?
25. Убагында Рысбек, Баямандар менен жакшы болчумун дедиңиз. Прокурор болуп туруп Рысбек менен жакшы болгонуңуз кийин кокус кызматка келип калсаңыз, кайра эле ушундай көрүнүш кайталанышы мүмкүн экенинен кабар бербейби?
26. Өмүрбек Текебаев менен сүйлөштүм, нөл экен дедиңиз. Ушул темага кененирээк токтоло кетсеңиз. Акаев, Бакиев, Атамбаев менен кармашып келген Текебаевдин байлыгы нөлбү, акылы нөлбү, авторитети нөлбү, ошону билип алалы.
27. Ушул суроолордун баарына ачык, алдабай жооп берип Кудай алдында акмын деп Мелис досуңуз алып барган Куран китепти кармап отуруп 26 суроого жооп бере аласызбы?
Пы.Сы: мен негизи жаңы жүздөрдү, мекенчил адамдарды колдойм. Биз оңолушубуз керек, өнүгүү болушу керек. Бирок, элди ээрчитем деген адамдарга да суроо берип койбосок, ЭЛ деген кемеге карышкырлар да түшүп алышы мүмкүн…
Видео кайрылуу кылайын дедим эле, ютубка чыгып кетпейин деп корктум. Мага пиардын кереги жок, өлкөм өнүксө, ошол өлкөдө карапайым адам катары тынч өмүр сүргөндөн өткөн бакыт жок…
Кудрет Тайчабаров, оппозициячыл журналист

Булак: Компромисс сайты