Менин атам Орозов Бабаш, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бир канча ордендин ээси. Киндик кан жерибизди коргоодо, денесинин жети жеринен ок жеген, бизге жаркыраган бейпил заманды алып келүү үчүн аттанган согуш ардегерлеринин катарында болгон.

Бул заман үчүн аталарыбыз суука тоңуп, ыссыка күйгөн, сууга чөккөн, отко күйгөн, биз үчүн башын тик сайып төшүн окко тоскон, ардагер аталарыбызга таазим!!!

Согуш аяктагандан соң талкаланган Өлкөнү калыбына келтирүүгө чоң салымын кошкон.

Баткен районунун канчалаган дың жерлерин өздөштүрүү үчүн, Фрунзе, Москва колхоздорунун башкармасы Төрт-Күл, Советтик Кыргызстан совхоздорунун партиялык комитетинин катчысы кызматын аркалап дың жерлерин Өрүкзарга, жүзүмзарга айландырган. Атам, абдан эмгекке берилген коммунист болчу…

Талааны суугат суугаруу мезгилинде 40-50 километр жөө жүрүп , сууну текшерип, райондун борборуна келип кетчү. Үйгө келбей таала шыйпанына жатып иштейт эле, таза кийимдерин талаа шыйпанына алып барып, кийимин алмаштырып келчү элем.

Бир жолу кийимин алып барсам, «Кызым отуруп тур, мен каналга барып жуунуп анан алмаштырып келейин, өрүктүн отуна бышкан шорпо таттуу болот, ичип кетесиң»-деп талаа шыйпанына отургузуп койду. Баткен районунун дың жерлерин өздөштүрүү үчүн, Төрт-Күл суу сактагычын курууда да гидроинженер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун 1-2 даражадагы ордендеринин ээси . Атам менен сыймыктанамын!!!

Апам, Орозова Апиза, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда иштеген «Труженик тыла» жана, «Эмгек ветераны» наамынын алган. Сегиз баланы өстүрүп тарбиялаган Баатыр энебиз, учурда 92 жашта, бактылуу карылыкты сүрүүдө.

Аталарыбыздын, апаларыбыздын эмгегин актап жатабызбы? — деген суроого жооп берүү өтө кыйын. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, тылда иштеген энелерибиздин эмгегин актоо — бул Ата Мекендин жерлерин көздүн карегиндей сактоо, Мекен үчүн, Эл үчүн ак эмгек кылуу, Өлкөбүздүн өсүшүнө салым кошуу, элибиздин ынтымагын сактоодо, Мекенибизди сүйүүгө балдарды туура тарбиялоо менен Өлкө казынасына кол салбоо  деп түшүнөмүн.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, тылда иштеген аталарыбызды, апаларыбызды Улуу Жеништин 75 жылдык майрамы менен Куттуктаймын!!!

Макала Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын фейсбук социалдык тармактагы баракчасынан алынды.