Көздөрү өтүп кеткен кайын атам Мадимаров Латип менен кайын энем Мадимарова Касиеттин жаркын элесине арнайм.

Мен келин болуп келген үй-бүлө чоң үй-бүлөлөрдөн эле, беш уул, беш кыз, он балалуу экен. Кайын атам сырттагы жумуштар менен алектенип, кайын энем бала тарбиялап, аларды экөөлөп эрезеге жеткиришкен.

Кайын атам Ата Мекендик согуштун катышуучусу, кызматчы, уста, мээрбан ата, эмгекчил адам болгон, балдарын бир кесиптин ээлери кылып окутушкан.

Кайын энем сулууча келген, арык чырай, эмгекчил, чебер, тазалыкты, тартипти катуу сактаган аял эле. Он баланы үйлөп жайлап, ордуна коюшту биз да башыбыздан өткөргөндө түшүндүк.

Бала мезгилимде апамдын, раматылык атам менен бир тууган эжемдин тарбиясына сугарылган болсом, кийин кайын энемдин да көп жакшы жактарын өзүмө сиңирип мен бул адамдарды кумир туттум.

Кайын атам кемпирине, кыз-келиндерин сыйлап, урматтоо боюнча бейиштин төрүндө отурса керек деп ойлоюм.

Менин өзгөчө мал сойгондо ичек-чабагын дароо жууп тазалап, жөргөм, быжы кылгандарым, калда шыйрактарды куйкалап бышыргандарым кайнатама аябай жагып коп алкаар эле, ал эми кайын энеме чеберчилигим жагып, сен өзүңдү-өзүң эптеп кетет экенсиң деп сүйүнгөндөрү эсимде.

Көздөрү өтөөрдүн алдында «кызматтан баш тарткан жоксун, келинин да өзүндөй кабылуу болсун» деп бата беришкен.

Ар жылы жеништин алдында биз бул инсандарды эскеребиз, беш маал окуган намазыбызда куран багыштайбыз.

Өлүк ыраазы болмоюнча тирик ыраазы болбойт дегендей аларга атап, ооз ачаар кылып кадым багыштайбыз, бул баланын милдети деп эсептейм.

Кудайга шугур, улуу муундун жакшы тарбиясынын таасири, биздин балдарыбыга тийип, аларды уят кылбай, баланчанын неберелери десе баардыгынын эсине көздөрү өтүп кеткен, кайын атам менен кайын энем түшөт, жайлары жаннатта болуп, ыймандары саламат болсун!!!

Эскеруу фейсбуктун активдуу колдонуучусу, мекенчил апабыз Арзыкан Ормонованын баракчасынан алынды. Жаштарга улгу болгон эскеруусун окурмандарыбызга жеткирууну туура көрдук. Арзыкан апабызга ыраазычылык билдиребиз!