Карантин көп адамдарды ар кандай ойлорго, ачылыштарга түрттү. Мына кухня берүүлөрү. Баары унутулду, буюрса, калган өмүрүбүз жалаң май-көл сүт көл кетет деп ойлогон Акаев доорунун чиновниктерине капыстан эле, асмандан чагылган түшкөндөй эле окуя болуп кетти.

Бутага дароо эле үчөө илинди. Жумалиев, Муралиев, Сарпашев. Үчөө тең чоң кызматтарда иштеген, экөө ПМ болуп иштегендер. Кызыгы үчөө тең, эч убакта оппозиция да, мамкызматта да өтө эле ачыкка чыгып, кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барып, системадан бир да кадам четке чыкпай, өз убагында эл көзүнө көрүнбөй иштеген адамдар.

Унчукпай, бирок акырындап жайлагандар экен, коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча кухня берүүлөрүнүн далилдөөлөрү боюнча. Парадокс мында, бул үчөө тең кызматка келгенде да, кеткенде да эч кандай чуу чыгарбай, эч кимге нааразылык айтпай жүргөндөр. Колдон келишинче эл көзүнө көрүнбөйүн дегендер. Жумалиев кайдан депутат болуп келе калдым деп жаткандыр.

Кезекте далай чиновниктер турушат деп айтылат бул берүүлөрдө.
Кызыгы, өкмөт структураларынан бир да реакция болгон жок. Реакция болушу күмөндүү. Себеби, укук коргоо органдары билишет, алар качан эле баарын мыйзамдаштырып алышканын.

Бирок бул башкы себеп эмес. Башкысы, баары алар бир системанын адамдары.
Жумалиев каршылык көрсөтүп көрөм деп фиаского учурады. Биринчи эле кармашта, капыстан, күтүлбөгөн сунушка туш келип, өзүн жоготуп, кайра оңой менен оңолбос абалга туш келди. Берки экөө, жашыруун, көмүскө жолдор менен тил табышуу аракетине өткөндөй.

Бул эртеби кечпи болуш керек эле кандайдыр бир формада. Пандемия болбосо ар ким өз оокаты, көр оокаттын артынан жүрүп, мындай кайрылууларга мынча резонанс болот беле ким билет. Бул көрүнүш түпкүлүгүндө туура болгону менен, методдору бир кыйла опурталдуу. Мамлекет укуктарын узурпациялоо катары кабыл алынышы мүмкүн.

Согуш жарыяланды аларга. Казат бул согуш да. Аны кимдер жүргүзөт. Самосуд болбойбу. Дагы бир кемчилиги, бүт капитализм дүйнөсү бир гана нерсени тааныйт. Бул алардын догмасы, кудайы, акыркы чындыгы. Ал эмне. Ал жеке менчикке болгон укук. Ал кол тийгис жана ыйык деп эсептелет. Бул капитализмдин түркүгү. Ушул себептен, канчалык коррупционер болбосун бул эл аралык колдоого ээ болбойт. Жарандык тирешүүгө алып келиши мүмкүн дегендер да жок эмес. Бийлик органдары көңүл бурбаса, баары болушу мүмкүн.

Падышалык Россияда деле Ленин баштаган партия өтө чоң таасирге ээ эмес болчу убагында. Маани бербей коюшуп, аягында алар баарын талкалашты го.
Капиталды легализация кылыш керек деген сунуштар чыкты, өкмөттөн жаңылбасам. Муну пайдаланып көрсө болот.

Кандай болгондо да азырынча Акаев доорунун чиновниктеринде коркунуч пайда болду. Албетте, бул азыркы коррупционерлерге майдай эле жагат. Алар азырынча бутада эмес.
Легализация идеясын кандай пайдаланса болот. Ошол айтабыз деп жаткан жүз чиновникке шарт койсо болот. Бирок мамлекет. Айталык, бир фонд ачып. Ушул фондго ар бир шектелип жаткан чиновник өз байлыгынын 30 же 50 процентин которуп беришсе, уголовный, моральный куугунтук болбойт, жана калган байлыгына кол тийгис деген кепилдик берилет деген шартта.

Мүмкүн, караламан калктын тепкисинде калгандан көрө деп, анан да келечек тынч жашоосу үчүн да болсо бул идея иштеп кетиши мүмкүн. Бирок бул иллюзияга жакыныраак. Байлык ээлери оңой менен кармата беришери күмөн. Алардын да тарапташтары, туугандары, эң башкысы ресурстары бар.

Бекер казынага алынып кеткенден көрө деп, элдин кандайдыр бир бөлүгүнө таратып салышы мүмкүн, чын эле кыйын заман баштарына түшсө.
Кандай болгон күндө да бул кыймылдын колдоочулары жетиштүү болуп турат. Мамлекет тынч болсун десе, бийлик буга реакция кылыш керек.

Ушул кыймылдын колдоочуларынын көксөөсүн басуу керек. Талаптарына көңүл буруу керек. Мүмкүнчүлүк бар жерде кылмыш иштерин ачышсын, мыйзам жол берген жерлерде. Же жаңы мыйзамдарды кабыл алышсын. Анан алар сотто актанышып, колдорунан келсе утуп чыгышсын. Анда суроо жок болот.
Анан дагы бир нерсе, Чоң казат атылышы. Улуу Манастан болгон менен. Манасты жакшы билбей турушуп бул аталышты кабыл алышып койгондой. Чоң казатта Манас атабыз баарын жоготуп келет эмеспи. Бардык баатырлары, өзү баш болуп бул казаттан мерт болушкан. Жеңилүүгө учурабаш үчүн, башка ат коюп алышса.


Жеке өзүм, өмүр бою мыйзам чегинде жашап көнгөн, ага терең ишенген адам катары баары бар мыйзамдардын чегинде чечилишин жактайм. Бирок, чоң казаттын талаптары мыйзамсыз деп айткан да туура эмес да.

Алар граждандык позициясын, өз билгендерин, көргөндөрүн айтып жатышат.
Бир эле нерсе, бул кыймыл талаптарына мамлекет органдары реакция кылышы керек. Алар да өлкө граждандары.

Макала фейсбук колдонуучусу Сейдалы Мырзакматовдун баракчасынан алынды. Авторго ыраазычылык бирдиребиз.