Кээде бирөөнүн кечирим сураганын күтөсүң. Жаңылышкан чыгаар, адашып калса керек деп сыртынан тон бычасың. Баарын түшүндүрөөр, акталаар деп күтөсүң. Бирок ал шашылбайт. Кечирим суроону унутуп кеткендей. Ошентсе, ал эмес, сен өзүң чаташыпсың.
Кечирим суроо анын оюна турсун назарына да кирип чыкпаган. Ал чаташпаптыр. Адашпаптыр. Жаңылышпаптыр. Ал аны атайын жасаган. Саналуу түрдө.
«Неге?» деп сурайсың өзүңдөн. Ал жакшы адам эле го. «Сенин жакшы экениңди мен билем го» дейсиң. Мындайды атайын жасоо мүмкүн эмес деп актайсың анан.
Ошентип убакыт зымырап өтүп жатат. Сен күткөн кечиримдин көлөкөсү да көрүнбөй калды… Канча жыл өтүп кеткен соң керек болсо унутасың. Не болгону да эстен чыгат. «Ким эле бул?» деген жагдайга жетесиң. Кереги эмне ошол кечиримдин? Ошонун кечириминен болгон ахыбал өзгөрөөр беле? Бүтүн пиаланы желимделгени менен салыштырууга болобу?
Сага анын кечирими не үчүн керек болгонун билесиңби? Сен ал адамды өмүрүңө кайра кайтаргың келген. Анын саткындыгына карабастан «кайра келсе экен» деп тилегенсиң. Себеби, сен үчүн ал кымбат адам болгон. Аны мурдагыдай жашооңо кайтаргың келди. Себеби, сен аны кечирип койгонсуң. Дал ошол кезде эле сен аны кечиргенсиң. Кечирбесең, анын бир ооз жылуу сөзүн жылдар бою күтпөс элең.
А эч кайда кетпеген адамды кандай кечиресиң? Ал эч качан сенин жаныңда болгон да эмес. Ал жөн гана жолдон өтүп бара жаткан бирөө эле…
Тааныш ахыбалбы?

Ирина Кураж

Фейсбук колдонуучу Баян Акпаралиеванын баракчасынан алынды. Ыраазычылык билдиребиз.