Акын, жазуучу, коомдук ишмер, адабий сынчы, прозаик, публицист Камбаралы Бобуловдун бүгүн туулган күнү.

Өкүнөм, табалбадым ички сырың,
Канчалык көзүң карап жагынсам да.

* * *
Турмуштун марттыгына таң каламын,
Сендейди сендей кылып бир жараткан.
Тиктесең жалдыраган боз баламын,
Апкаарып сөз табалбай уяң тарткан.

Сүрдүүсүң, — сүрдүүлүгүң ушунчалык, —
Жалтанып жолукканда жабыркаймын.
Сүйлөсөң тилиң ширин — көңүл жарык.
Эркелеп кыялыңа таңыркаймын.

Тыңшасам жаным жыргайт — күлкүң тунук,
Багынам, эрким бошойт, карап туруп.
Кокустан капа болсоң улутунуп,
Мен дагы түйшүктөмүн жаным куруп.

Кайрадан көзүң сүзүп жаркылдасаң,
Мен шордуу дүйнөм толуп кубанамын.
Кыналып, колтукташып катар бассаң,
Жагууга жаным төшөп убарамын.

Өкүнөм, табалбадым ички сырың,
Канчалык көзүң карап жагынсам да.
Арнадым, кабыл алгын ушул ырым,
Жан күйүп, ызаланып таарынсам да!

«Лалахан казалдары» ырлар циклинен