Турар Кожомбердиев: Эмнегедир от бир буюм сезилчү, апакемдин колдорунан жаралган

Энем жана от

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

мейли күздө, мейли жаздын таңында,

коломтону элестетсем энекем,

күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,

камданчубуз казанга нан жапканы.

Эмнегедир от биздики дечүмүн –

апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган,

от күчөөчү коломтого таралган.

Эмнегедир от бир буюм сезилчү,

апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,

малчылардын күнгө күйгөн денеси…

А мен отту бир туугандай сезчүмүн –

апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеримде карсылдап тоо ышкыны,

атам мага мингизчү көк быштыны.

Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,

апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай!

Коломтого топтой ыргып малакай,

энем кайра алып көрүп колуна,

айтчу мага: “Ай тентек ай, жалакай!”

Көп жемишти өлүм күүдү добулдай.

Сагыныштык көптөн бери чогулбай.

Кайда кеттиң баарыбызды унутуп?

Өрмөктөрүң күтүп калды согулбай.

Уктап жатпа, адетиңдир тук этмей?

Жымжырт. Жоопсуз. Кузгун дагы кук этпей.

Сен сурасаң, үзүп алып очоктон,

күйгөн отту сунаар элем букеттей!

… Мейли кышта бурганактын шаңында

мейли күздө, мейли жаздын таңында,

коломтону элестетсем энекем,

күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

********

Капчыгай – чынжырланган, ачка дөбөт

оозумдан калтыратып ызгаар өбөт.

Өзөндө агат мелт-калт тоо шамалы,

очоктун оту улам төмөн чөгөт.

Шамалы тикенектүү, түн бир оокум,

суу болду өтмө-катар ээр токум.

Айлана арактай суук, кырк градус,

алдыда жылт деп жанат жарык чокум.

Бир карап теребелди алам окуп,

Атымды атырылтам кайра токуп.

Жондогу бүлбүл жанган алсыз отту,

жок кылды бир заматта, бороон чокуп.

Аргымак мүдүрүлөт кай бир жерде,

Аралап бирде шагыл, бирде черде.

жанагы жанып-өчкөн от учкуну,

Жалдырайт жүрөгүмдө, каректерде.

Дайрадай шамал агат тармак-тармак,

үйүңө кыйын болду жетип бармак.

Сен чыктың нур чачырап жүздөрүңдөн,

туптунук фонарыңды бийик кармап.

Ышкырат капчыгайдын туш-туш жагы.

Басылбайт дөбөттөрдүн арсылдагы.

Термелген колундагы фонарь менен,

чайпалат тоолор дагы, асман дагы.

Сен жалгыз, мен үйүңдө жалгыз конок,

тиктешет көздөр гана, сөздөр чолок.

Мен мында махабаттын кучагында,

тыш жакта катуу сууктан карга тоңот.

…. Көрбөгөм ушунчалык таңды шаңдуу,

бурганак бий баштаптыр аппак чаңдуу.

Очокто кескиленген жылан сымал,

от араң баш көтөрөт, чала жандуу.

Элесиң унутулбас таңындагы,

Кымбатым, махабатым канымдагы.

… Ак туфлий көпөлөктүн канатындай,

кырк бешинчи өтүктүн жанындагы.

*********

Мейли мен карап турсам, көзүмдү жумсам,

беш колдой элестесиң жатсам, турсам,

жетпедим канча бачым чуркасам да,

жетпедим канча бийик колду сунсам.

Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын,

сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.

Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине,

койнунда күн кучактап жаткандыгын.

Күйөөңдү сыйлаарсың да, аярсың да,

сен анын ар ишине даярсың да.

Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,

ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.

Баш ийдим тагдырлардын салганына,

өкүндүм сага жетпей калганыма.

Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,

ишенбейм махабаттын жалганына.