«Амансыңбы, айланайын кичинем,

Алаксытып койдум бекен ишиңен.

Эмне берип жиберейин — дегенде

Мээримиңиз керек деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,

Күндө эстеп жатса керек жоругум.

Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,

Наныңыздын даамын таппай оорудум.

Салганыңыз келди жарып булутту,

Сезимиме чачылгандай тунук суу.

Өмүрүмдү узартчудай сезилди,

Өрүк кагы,  таза балы, куруту.

Сагынычтан көтөрүлүп «кан басым»

Суусаганда жуткум келди жармасын.

Апакемдин тийген үчүн колдору,

Айылымдын жуубай жедим алмасын.

Жаш акын Мелис Маматжанов