Орозо маалы эле. Жаңы төрөгөн кызына көмөктөшөм деп айылдан кайненемдин келиши мага дагы бир түйшүк кошту. Ар күнү таң атпай туруп, орозо кармаган бул кемпирдин саарлыгын даярдап берем. Жалаяк жуу дагы менин мойнумда. Жаңы төрөгөн келин кырк күнгө чейин муздак сууга колун тийгизбеш керек экенин мен түшүнүү менен туура кабыл алып, мындай учурда аялыңды колдосоң — кийинчерээк аялың сени төбөсүнө көтөрүп алат дегендердин сөзүн туура көрүп жүргөм.
Анан тирилик кылып келгени базарга жөнөмөй. Же ишим жүрүшсөчү. Болоор-болбос тыйын таап келгеним менен иши жок, келинчегим күндө бирден «сюрприз» даярдап турат:
-Апам жалаң эле уйдун этинен жасалган тамактарды жеп жатат. Давай, эртең койдун этин апкел.
Дагы бир күнү базардан келип, баламдын булганган жалаяктарын жууп жаткам. Келинчегим ооз ачаар маал болуп калды деп кыйкырганын суунун шарынан укпаптырмын. Андан калса, ваннанын эшиги да жабык болчу. Жалаяктарды балкондогу эки-үч катар тартылган жипке жайып коюп, кайра бөлмөгө киргенимде, келинчегим мага атырылды:
-Баятан бери кыйкырып эле атам, кыйкырып эле атам. Эмне, дүлөй болуп калдыңбы? Убагында тамагын даярдап бербей, апамдын орозосун каза кылбадыңбы, сволуч!
Ал сүйлөнүп баштап алдыбы, оңойлук менен токтоочу эмес. Демек… Уулуу сөздөр чучугума жеткен кезде, кайненемди үмүттөнө карадым, кызын тыйса деген үмүт менен. Тилекке каршы, кайненем үндөбөй олтурду. Андан үмүтүм үзүлгөн соң:
-Болду, тилиңди тый, — деп келинчегиме өзүм кайрылууга аргасыз болдум.
Ошол замат кайненем жарылбаспы:
-Кызымдын тилин тыйдыргыдай сен ким экенсин, ыя?! Менин орозомду каза кылганың аз келгенсип, кайра кызыма каяша айтасың да, акмак! Бизди багып жатканыңды милдет кылсаң, каалаган жагыңа кете бер. Керек болсо, эркектерди мынабул жерге тизип туруп, кызыма өзүм эр тандап берем…
(Болгон окуянын, Адилет аттуу жигиттин айтып берген баянынын негизинде жазылган китебимден бир эпизод)

Орозбек Казыбек Уулу