САЮРИ ИЧИКАВА…
Жапан музыкасынын көктө жанган жылдызы…
Тирүү легенда!

* * *
Сулуулукту сүйгөн адам — музыкасыз жашоого акысы жок! Көзүбүз көрүп турган ушул ажайып дүйнө, бизди курчаган табият, бир сөз менен айтканда, ушул Тирүүлүктүн өзү — Музыкада катылган. Кимде ким ыйыктыкты акылында аңдап, боорукерликти, тазалыкты, сезимдин тунуктугун туу тутса, анда ошол адам Музыкасыз жашай албайт. Музыканы чындап кадырлаган, ырды чындап сүйгөн жүрөк — таш боордукка бараарынан күмөн санайм…
Анткени, айланага абай сал, адам бол, адамзатты баала, тирүүлүктү кадырла, Мекенди аздекте, өмүрдү сүй, өзгөнү да сүй! — деген Улуу чакырыктын бардыгы — Музыканын өзөгүндө!

* * *
САЮРИ ИЧИКАВА…
Тулку-бою ырдан бүткөн жан. Ал, кайсыл гана чыгарманы калк алдына алып чыкпасын, турган турпаты менен ырга айланып кетет. Кандай гана чыгарма болбосун, мейли ал Мекен тууралуубу, махабат же жаратылыш жөнүндөбү, оркестр коштоосу кулакка кирээр замат өзү да ошол ыр менен кошо жуурулуша түшөт. Ошонүчүн САЮРИ ИЧИКАВА башка бир катар ырчы-аткаруучулардан өзгөчөлөнүп турат.
Дал ошонусу менен бүткүл Жапонияда зор кадыр-баркка ээ.
Учурда 62 жашка караган ырчы айым САЮРИ ИЧИКАВА чыгармачылык изденүү менен талбай мээнеттенип келет.
Мен, жапан тилин билбейм. Жана жапан эле эмес кайсыл элдин ыры болбосун, айтор, анда сезим катылса, жүрөк менен жаралган чыгарма болсо болду, керелден-кечке кайталап угуп жарпым жазылат.
— Музыканын тили жок, анын тили жүрөктө! — деген калетсиз сөз.
Тилин түшүнбөсөк да, дилин түшүнөбүз!
Себеби, ал чыгарма да!? А чыныгы чыгарма — ашыглыкты даңктайт, Мекенге, элге-жерге болгон сүйүүнү ойготот, өмүр менен өлүм тууралуу ой чубап, теребелге терең кара дейт.

* * *
«ЦУГАРУ КАЙКЁ ФУЮ-ГЕШИКИ»
Ар бир чыгармачыл инсандын жылдызын жандырган бир же эки-үч чыгарма болот дешет. Дал ошонун сыңары жогоруда аты аталган чыгарма САЮРИ ИЧИКАВАны көккө чыгарды, Чолпон жылдызга айлантты.
Жүздөгөн альбомдору жарыкка чыгып, эл алкышына ээ болгон САЮРИден «Цугару Кайкё Фую-гешики:

Макала фейсбук колдонуучусу Данияр Исановдун баракчасынан алынды. Авторго ыраазычылык!