Блогер блок

Коңур үндүү ырчынын көмөкөйүнөн чыккан добушту кошо ээрчиген сыйкырдуу кайрык …

ТОТО КУТУНЬО…
Ушул ысымды укканда алгач коңур үн, анан биринен бири өткөн сыйкырдуу кайрыктар эске келет.

* * *
ТОТО КУТУНЬО…
Улуу композитордун аброюн айга жеткирип, алигүнчө кадыр-баркын кармап келаткан «L’italiano» («Итальянец») аттуу чыгармасын алгач ирет уккан күнүм алиге дейре эсимде. Анда, ойносок оюнга тойбогон он жашар бала элем.
Жайдын аптаптуу күндөрү… Кеч бешим…
Төркү бөлмөдө болчумун. Таңдан кечке өзүм курдуу балдар менен чүкө атышып, анан андан олжого ээ болгон ошол дүйнөлөрүмдү санап бүтө албай убара тартып олтургам. Бир оокумда ашкана тараптан:
«Лашатеми кантаре
кон ла китарра ин мано
лашатеми кантаре
соно ун италиано» — деген, али мага эч белгисиз бөтөн тилде коңур үн жаңырып, а мен олтурган ордумдан ыргып туруп, колумда кочуштап турган чүкөлөрдү жерге чачып, ашканабыздын дубал бооруна кадалган радиого жете келгенимди билбейм.
Анан, коңур үндүү ырчынын көмөкөйүнөн чыккан добушту кошо ээрчиген сыйкырдуу кайрык — эми биротоло мени башка бир ааламга кошо алып кеткендей болду. Ыр жаңырып атты. Эмне тууралуу ырдап атат, сүйүү тууралуубу, Мекен тууралуубу, мага табышмак? Сөздөрүн эч түшүнбөсөм да соңуна чыккыча каккан казыктай кадалып, ырга магдырадым. Кап, аттиң!
5 мүнөткө жетпеген ырды кийин кайталап радиодон береби деп бир топ күн, бир топ айлар бою күттүм. Бирок, ыр кайра радиодон ошол бойдон жаңырган жок. Кайсыл тилде ырдап атат, ырчынын ысымы ким — белгисиз?

* * *
Ортодон туптуура бир жыл өттү. Ошол бир жыл бою качан радиодон кайталанып берилет деп самап күткөн ырчынын чыгармачылык кечеси Москвада өтүп (1986-жыл), 2 сааттык көрсөтүү орус телеканалынан көрсөтүлгөндө, төбөм көккө жеткенин айтпа!? Ырчынын ысымы Тото Кутуньо экенин, ошондо билдим. Үн катпай олтуруп, анын аткаруучулук чеберчилигине, обондорунун биринен бири өтүп тамшандырган кайрыктарына маашырланып аттым. Бул күн мен үчүн чоң майрамга айланды!
Итальян тилинде ырдап аткан ырчыга кайдыгер караган атам:
— Ой, мунун эмнесин түшүнөсүң? Мүмкүн сени сөгүп аткандыр? Кызык!? — деди.
— Баланы жайына койчу! Берилип көрүп атат. Жакшы ырдайт экен! — деди, апам менин таламымды талашып.
— Ээ, койгулачы! Түшүнбөй эле көрө бересиңерби? Кызык!? — деди, дагы атам. Анан биз телевизорду башка каналга которууга уруксат бербей турганыбызды түшүндү окшойт, колун шилтеп балкон тарапка басып кеткендей болду.

* * *
Кийин заман улам алдыга адымдап, студенттик куракта Кутуньонун кассетасын сатып алып, магитофондон далай ирет уктум. Россияга келген концерттерин калтырбай көрдүм. Эми ошол ырчы, ошол даңазалуу композитор үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда 76 жашка толот экен. Коомду дүрбөткөн коронавирус Италияны чөп чапкандай жыгып атканда, алгач эле эмнегедир:
— Тото Кутуньо менен Адриано Челентано улгайып калышты, ошолор аман болсо экен! — деген ойго кеттим…

* * *
Мен 10 жашка караган кезде Кутуньо кырктын кырына чыккан дал азыркы менин курагымда экен, көрсө.
Эми Кутуньо улгайды. Чачтарын ак басты. Эчен ирет ийгиликтин туу чокусунда болду. Жер шарындагы миллиондогон адамдардын сүйүктүү композитору жана ырчысы деген наамга татыды. Жакшы адамдын жарыгы да тийет дегендей — Тото Кутуньо да бир далай ырчылардын багын ачып, даңкын далайга чыгарууга зор салым кошту. Анын жараткан чыгармаларын кезегинде француз ырчысы Джо Дассен да калың элге тартуулап, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен.
Дале 76 жашка карабай чыгармачылык менен шугулданып, жүрөгү обон

Данияр Исанов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button