Атасы уулунун мүнөзү өтө оор, орой болуп калганына кейип, аны кантип тарбияласам деп толгонот да, акыры өзүнө жаккан бир акылга токтолот. Күндөрдүн биринде уулун ээрчитип, короонун четинде узун-узунунан жыйылып турган устундардын жанына келет да, мык салынган капты баланын колуна карматат.

– Уулум, мен азыр кандай айтсам, так ошондой аткарышыңды талап кылам. Эми, бул каптагы мыктар жана балка сенин күн сайын колдончу шайманыӊ болот. Бүгүнтөн баштап, бирөөгө жиниң келген сайын бирден мыкты бул устунга кагып тур. Болду. Башка эч нерсе сенден талап кылбайм, ушуну гана аткар, – дейт атасы.

Биринчи күн дегенде эле баласы 37 мыкты кагат. Ортодон бир-эки жума өткөндө мыктар азая баштайт. Күн өткөн сайын өзүн-өзү кармап, эч кимге жинин келтирбегенге, эч ким менен урушпаганга аракет кылган баласын байкап турат атасы. Анан ортодон бир ай өткөндөн кийин, бир күндө бир да мык какпаганын көрөт. Ичинен өзүнчө сүйүнүп, эми баласына жаңы тапшырма берет.
– Уулум, сен өзүңдү-өзүң кармаганды үйрөнүп калдың, эми эртеңден баштап дагы бир тапшырманы аткара башта: өзүңдүн ачууңду, жиниңди баскан сайын, бирден мыкты устундан сууруп турасың…

Күн артынан күндөр өтө берет. Бир күнү уулу баардык мыктар суурулуп бүткөнүн айтат. Экөө устундардын жанына келишет.

— Балам, мен айткан эки тапшырманы тең так аткардың… Бирок, карачы, мыктан калган бул тешиктердин орду эч качан эми баштагыдай болбойт. Ушул сыяктуу эле, сен бирөөнүн көңүлүнө катуу тийгенде, анын жан дүйнөсү так ушундай болуп жараланат да, сен кечирим сураган күндө да, ал “кечирдим” деген күндө да, кайра өз калыбына мурдагыдай болуп келбейт. Ал эми бирөөнүн жанын катуу оорутуп жарака кетирүү – эки дүйнөдө тең сага жүк болоорун эч качан унутпа! – дейт акылман ата.

✏️“Жаман сөз калат так болуп, көкүрөккө дат болуп”.

Кыргыз макалы

📙“Жашоонун сыры кайда катылган?” китеби (Б.- 2019. Икаялар топтому. Тексттерди эркин которгон С.Кыдырмаева)