Бул күндөрдүн чеги барбы? (жан дүйнө чанырыгы)

22 жыл! Ушунча жыл убактымды текке коротконумду эстегенде жүрөгүм тилке — тилке тилинет. Эмнеге сен мындай жүрөөнөк адамсын деп эмес, кантип мен ушунча жыл чыдадым, баарын биле туруп деп.
Жоок! Чыдабай калган учурларым да болду. Чечкиндүү артка кайтпайм деп үйдөн чыккан күндөрүм канча. Сен ага койдунбу, ата энемдин үйүн тешип жиберчуудой ар күн кирип барасын, кайдагы жок жомокту токуп ал жайдан алып чыгып кетесин.
Кайра эле ошол…
Билбейм иштеген кызматтарын көптүрдүбү сени, же менин сага болгон сүйүүмбу. Айтоор токтолбодун.
Чоң кызматта иштеп мени, балдарыңды коколотуп баксан жарашпайбы. Сенде жок болсо бир жөн, мен азыркыдай жүгүрүп иштеп, мектептен алган айлыгымды балдарга себелеп жеткирсем жарашат, а сенде бар эмеспи. Бирок сенин тапканын бизге насип кылбаганга окшойт. Көчөдөн табасын көчөгө чачасын. Сенин оюн ушул да ээ? Башкалар үйүндө олтуруп тапкандыгы үчүн үйүнө коротуп жаткандай.
Деги койчу кайсы бирин айтайын. Балдарым жалгыз өсүп, атасын сагынбасын деп тилимди тиштеп чыдап жүргөнүмдүбу же сенин озгорбошунду билип туруп ушунча жыл жанымды колума ууштап жашаганымдыбы. Билсен эле сенин ар бир кылыгын менин жүрөгүмдү канчалар жаралап, конулумдо сансыз тактар калып жатканын. Менин да убалым бар экенин түшүнсөн кана.
«Эгер мени каалабасан, балдарынды эркелетип ырахат ала албасан, үйдөн издеген бактынды таба албасан, анда кет! Биротоло кет көңүлүн каалаган жайга, адамдарга». Бул сөздөрдү нечен ирет кайталадым ичимден, сыртка чыгарыштан корком. Балким сени али да сүйүп, сыйлап, көңүлүңдү ооруткум келбейт чыгаар.
Көнүмүш адаты да деп кол силкип коё албаганым үчүн өзүмдү күнөөлөйм. Бирок кантип кол силкип коём, жан жолдошум, балдарымдын атасы, жүрөгүмдөн орун алган инсанга кантип кайдыгер карап коё алам. Мен сени менен бир жаздыкка мындай жашоо үчүн баш койбогонмун.
Бирок сен эмне дедин. Эми балдардын алды чоң окууну бүтөйүн деп калганда кайда бармак деп калдынбы, «төрт тарабын кыбыла» дейсиң. Же эмне уулу чоңоюп калган аялдын кызганычка акысы жокпу?
Ишен мага бараар жай табылат, бирок мен барбайм. Сен ойлобогон балдарды жок дегенде мен ойлоюн, алардын ара жолдо калбастыгы үчүн мен эч кайда барбайм.
Бирок бил, башкалардын «эркек ушул, ат айланып казыгын табат, чыда» деген сөздөрү да эми мени эс алдыра албайт. Эгер эркек ушул болсо, андай эркекке менин жүрөгүмдө орун жок! Чыдоонун да чеги болот. Эгер жүрөгүм уруксат бербесе аны жарып болсо да сенин атыңды сууруп алып коё алам, бирок ал жараланган жүрөгүм кайра бүтпөсүн, бүтсө да жылчык калаарын түшүн. Жылчыгы бар жүрөк кайра жылыбайт, мурункусундай болбойт.
А бизде болсо каарылык алдыда!

Мдааа! Эркектер, карылыкта бийлик кимдин колунда болоорун эске ала жүрсөнор, көп катадан алыс болоор элеңер!

Dimedra..

Макала фейсбук колдонуусучу Асылай Атаханованын баракчасынан алынды.