Апам оор басырыктуу, алысты көрө билген аял . Биз үйдө төрт бир тууганбыз. Чурк этип чокушпай чоңойдук. Мен тогузунчу класста окуп жүргөнүмдө улуу байкем үйлөндү. Жеңелүү болуп, үйгө дагы бир баш кошулуп кубанычыбызда чек жок. Бирок биз ошондо, үйүбүзгө чуу салып, ынтымакты, ырыскыны качырган келин келгенин билбептирбиз. Коёндой окшош күндөр өтө берди. Байкем уулдуу болду. Баарыбыз үйрүлүп түшүп жакшы көрөбүз. Бир күнү, жеңем уктап кетип, баласы термуздагы ыссык сууну тартып жиберип, бутун күйгүзүп алды. Байкушум чырылдап ыйлайт. Жеңем сүйлөнүп эле баланы чаап салды. Апам кой десе айтыша кетти. Колдон түшүрбөй дары сүйкөп карадык. Анысы айыгып, жаңы эле жарасын унутуп ойноп жүрүп, тоголоп кетип башын жарып алыптыр. Мектептен келсем үйдүн ичи ызы-чуу. Башынан каны куюлуп бала турат. Доктурга алып барып тиктирип келди.

Мен апама айттым, апа жеңем жаш эле, үйдө деле жумуш жок, баланы карабай эмне кылат дедим. Апам билбейм балам, мен да ошону айтам да деди. Ал күнү кечинде чайга отурганда апам акырын эле баланы кара айланайын, тогуз ай боюңа көтөрүп таптың, майып кылып ала көрбө, жумуш деле жок деди. Жеңем чайнекти жулкуп алып, ордунан аш үйдү көздөй басып кетти. Басып баратып бала меники өзүм билем, акылдуу баары деп кобуранып баратты.Унчукпай чай ичип туруп кеттик.

Дагы бир күнү ойноп жаткан жеринен бутун таш менен жанчып алыптыр, сыягы чоңураак таш окшойт. Байкем байкуш чыдабай жеңемдин жаагына тартып жиберди. Баланы карабай эмне кылып отурасың деп. Кол көтөрбөй жүр деп атам катуу айтты. Бала да кор силерге деп ары көздөй басып кетти. Ошондо жеңем ачууланып, көзүнөн жашы чуурулуп, бала кулайт, жыгылат, чоңоёт да. Артынан аңдып жүрүүм керекпи, ошондой балага күйсө апаң эмнеге энесине кызын тыштап эрге тийип алган десе болобу.

Баарыбыз таң кала апамды карадык. Чынында таэнемдин үйүндө эң кичүү таэжем бар, Рахат деген. Бизди аябай жакшы көрөт. Жашы 30га жакындаган. Биз аны таэнемдин кичүү кызы дечү элек. Апам жүрөк тушун кармап отуруп калды. Суу ичип терең дем алып, кези келгенде айтам деп жүрдүм элем. Силердин бир тууганыңар бар. Ал таэнеңдин кичүү кызы, Рахат таэжеңер деди. Көздөрүбүз алайып эле карап калдык. Көрсө апам алгач турмушка чыгып, анан биринчи жолдошу каза болгон экен. Рахат таэжем кичинекей кезинде апам экинчи ирет биздин атабызга баш кошуп, а кызын таэнем багып чоңойткон экен. Ошол жеңемдин сөзү оор тиийип апам оорукчан болуп калды. Байкемдер башка үйгө көчүп чыгышты. Тажаал аялынан айбыгып барбайбыз деле. Уулун алып өзү келип турат.