Илгери бир багбан жашаган экен. Аялы жана күйөөсү. Алар өздөрүнүн бакчасына алма өстүрүп, күзүндө аларды сатышчу. Багбандын үй-бүлөсү ошону менен күн көрчү.

Бир жылы багбан ооруп калып, түшүм жыйнаганга жетишпей, ооруп калат. Алманын көбү чирип калат. Эмне кылат эми? Түшүмдү сатпаса үй-бүлө кантип жашайт? Багбан баардык чириген алмаларды чогултуп эмне болсо да сатайын деп арабага салып базарга жөнөдү. Аялы ага бата берип, баары жакшы болот деди. Ошентип багбан жолго чыкты.

Жолдо ага бир көпөс жолугуп калат. Ал көрөт багбан базарга карай кетип баратат, а анын арабасында толтура чириген алма. Таң калган көпөс:

— Сен эмне келесоосуңбу? Базарга чириген алмаларды алып баратканын. Аларды ким сатып алмак эле!

— Билем — деп жооп берет багбан. Бирок, башка кылаарга айлам жок. Сатуу керек. Сатпасам, аялым экөөбүз ачка калабыз.

— Ооба, базардан эчтекесиз кайтканыңда аялыңдан бирди көрөт экенсиң да. Өпкөңдү үзөт го!

— Оо, көпөс, ага ойлонбой эле кой. Менин аялым алтын. Ал мени кандай болсо да сүйөт жана кабыл алат.

— Андай болбойт, жигит! – деп жооп берет көпөс.

— Болгондо да кандай болот! Менин аялым алтын!

Анан көпөс мелдешүүнү сунуштайт:

Кел экөөбүз мелдешели. Азыр биз сенин үйүңө кайтып баралы да чириген алмаларды эч ким сатып албады. Кышкыга эчтеке жок деп айтабыз. Эгер сенин аялың чындап сен айткандай болсо, анда, сен жеңдиң. Мен сага бир нече кышка жете турган бир капчык алтын берем. Эгер, сен алдаган болсоң, сенин аялың жаңжал чыгарса, анда мен жеңем жана сенин атың менен арабаңды алам. Келе, кол бер?

— Кол бердим!

Ошентип алар багбандын үйүнө келишет. Эшиктен эле ал ачууланган үн менен аялын:

— Балээ басты! Алмаларды саткан жокмун! Кыш жаман болот!

— Сүйүктүүм, сен эмне деп атасың? Башкысы сен келдиң. Болгондо да конок менен келдиң. Кубанбайлыбы ушуга! Төргө өткүлө, жолдон чарчап, ачка болуп келдиңерби? Колуңарды жуугула, азыр дасторконду даярдайм. Эс алып тамактангыла деп дароо кол жууганга суу менен кумураны алып келип кол аарчы сунат.

Көпөс таң калат, өзүнүн убадасын эстеп кабатырлана баштайт. Ал: “Бул жубайлар калп эле ушинтип жатышат. Дагы бир аз турайын, аял баары бир чатак чыгарат!” –  деп ойлойт.

Алар орундарына отурушат. Аялы аларга чай берип баштайт. Кубанычтан экөө да жылмайгандай. Кеп кезеги келип отуруп көпөс түшүм сатылбай калды, эми кантип кышында кантип жашайсыңар деп кеп салат. Багбандын аялы:

– Баары жакшы болот. Кандай болсо да жашайбыз. Азыр негизгиси күйөөмө жана конокко жакшы болсо болду. Көпөс андан бетер таң калат.

Ошентип аялдын ачууланышын күтүп көпөс көпкө отурат. Аягында жеңилгенин түшүнөт. Өзүнүн капчыктагы алтынын берет да:

– Ооба, жигит. Мен дүйнөдө көп нерсени көрдүм. Бирок, сеникиндей алтын аялды мен эч жерден көргөн жок элем. Сен туура айткан экенсиң. Мына сенин акчаң. Бактылуу жашагыла! – деп жол тартыптыр.

Хадисте айтылат эмеспи: төрт нерсени аткарган аял Бейишке түшөт деп. Намаз окуса, Орозо кармаса, Өзүн таза сактаса, күйөөсү ыраазы болсо. Үй-бүлөнүн куту болгон бул аялы — өзүнүн сабырдуулугу менен учурда көптөгөн айымдарыбыз үчүн жакшы өрнөк.

Ангеме фейсбук колдонуучу Асылай Атаханованын баракчасынан алынды.