———Бирок———

Мен сени сүйөм, — дедим ага жылмайып карап… Каректеринен мен дагы- деген жоопту туюп турдум. Ал жөн гана үн катпастан жакындай келип жалындуу эриндери менен мени өөп койду. Ушунун өзү жетээрлик эле.
Биз бала кезден Делбирим экөөбүз ынакпыз. Анын, сулуулугу, намыскөйлүгү мени өзүнө арбап алган. Ар дайым жаркылдай күлүп, мүнөзү шайыр, боорукер, айтор мен ойлогондой кыз.
Убактымдын көбүн ал менен өткөрөм, кардым ачса дагы, кайгырсам дагы ага айтып жеңилдейм, кеңеш сурайм, ал менин досум, ал менин сырдашым, ал менин сүйгөн адамым.
Биз өткөргөн күндөр айтып түгөнгүс, махабат дастаны.
Мектептеги күндөрүбүз эч нерсеге алмаштыргыс эң бактылуу көз ирмемдер эле. Делбиримге ашыкпаган жигит жок, бардыгы менин ордумда болууну каалашат.
Атым Жоомарт, 1981— жылы төрөлгөм, Ош шаарынан болом.
Өзүмдү дүйнөдө эң бактылуу эркек сезип, ар дайым кабагым жаркырап жүрчүмүн. Себеби жанымда Делбирим бар. Экөөбүз чогу нечен таңдарды тостук, анын сулуу келбети, караңгы түндө да сүрөт тартат, ошол элес, ошол көз караш менен дем алып, тамактанып жашап калдым.
Мен үйдө жалгыз жана эң кенже көкүрөк күчүгүмүн. Беш эжем бар. Балким менин каалоолорум бала кезден бир заматта орундалып келгендиктен, мен өзүмдү өтө бактылуу адам сезип жүргөндүрмүн, бирок чындык тунук махабатымда эле. Ошол махабат мени чексиз бактылуу кыла турган.
Жашоомдогу эң таттуу күндөрдүн ар бири эсимде дал ошол бойдон калган.

—- Чырагым, сен экөөбүз такыр бири- бирибизден ажырап көргөн эмеспиз, бүгүн минтип сенден эки күнгө ажыраганы турам.
—-Жоомарт, биз түбөлүк бирге болобуз. Буйруса баары жакшы болот. Апам ооруп жатса, барбай коё албайм. Сен түшүнөсүң да?
—- Албетте жаным, болгону сени бат эле сагынып калам да. Сен келген соң ата- энемдин алдына барабыз, алар мени күн сайын » Келин алып келсең боло»— деп кыйнап жатышат. Экөөбүздү көрүп абдан кубанышат. Айылда ата- энеңе да баарын айтып, ыраазычылыгын алып кел, жарайбы алтыным?
—— Жарайт.
Мен Делбиримди айылга узаттым. Экөөбүз тең Ош шаарында жогорку окуу жайда окуйбуз. Үйү шаардын чет жагында, жакын эле боло турган. Анын ата- энеси мени билишет. Менин да ата- энемдин Делбиримден кабары бар, кызымды качан алып келесиң?- деп чыдамдары кетип турушаар эле…
Биз болжогон күн келип Делбиримди тосуп алуу үчүн вокзалга келдим, Анда азыркыдай телефон кайда. Таң эрте барганмын, түн кирип көз байлаганда келдим. Менин жашоомдо эң оор күндөрдүн бири болду. Абдан ызааландым, күттүм, үй ичине батпай санаам санга чачырады.
Ошол күнү Делбирим келген жок. Менин жүрөгүм бир нерсени сезгендей туйлап жатты. Бир оюм айтты, апасы дагы бир эки күнгө алып калса керек деп. Анткени «Катуу ооруп калды»- деп кат келген эле.
Арадан дагы эки күн өттү. Өзүмдү зорго басып, эки күн араң чыдадым. Менин кабагым ачылбай, тамакка табитим жок болуп жүдөп кеткенимди көргөн апам да тынчсызданып жатты. Үчүнчү күнгө караганда мен Делбиримдин үйүнө барууну чечтим. Мен үчүн бул кадам абдан маанилүү жана келечектин жолун көрсөтөөрү анык эле.
Таң эрте туруп, түнү менен кирпик какпаган канталаган көздөрүмдү ушалай күзгүнүн алдыда өзүмдү карап турган элем, апам артымдан келип:
— Уулум, келинимди алып кел, биз камынып туралы, окууну чогу бүтөсүңөр. Сенин мындай кыйналганыңды көргүм келбейт,— деди маңдайымдан сылап.
Ошондо кубанычым койнума батпай, буттарым жерге тийбей калды. Апамды бекем кучактап өөп алдым.
—- Чын элеби апа? Анда досторумду кошуп алайын, кандай дейсиз?
— Кошуп ал уулум досторуңду, келинимди бүгүндөн калтырбай алып кел. Сени карап олтуруп менин жүрөгүм ооруду.
Ошондо зыркырап турган жүрөгүм жайына түштү. Дароо жакшына кийинип досторума үй телефондон коңгуроо кылып, апамдын батасын алып үйдөн чыгып жөнөдүм.
Тепкичтен төмөн түшүп сырка чыга бергенде алдымдан бир бала чыкты, мектеп окуучусу экен…
—- Саламатсызбы? Сиз бул домдо турасызбы?
—-Саламатчылык, ооба.
—- Жоомарт деген акени тааныбайсызбы?
—- Жоомарт деген мен болом, эмне болду иним?
—- Андай болсо сизге бул катты берип жиберишти…
—- Ким берди? Кимден экен?
—- Билбейт экенмин, берип кой дешти…
Катты кармата салып жөнөп кетти тиги бала.
Дароо ачып окуп кирдим.

Кандайсың Жоомарт? Мен Делбирим. Алтыным, сени жоготуп алдым. Айылга мени алдап чакырышыптыр. Апам оорубай эле жакшы жүрүптүр жана менин келээримден кабары жок экен. Жеңемдер алдап чакырыптыр. Келерим менен башыма жоолук салып олтургузуп коюшту. Дароо ала качып кетишти.
Канча каршылык көрсөтпөйүн акыбалым жеткен жок. Сага жете албай буулугуп ыйладым жаным.
Катты шашып жазып жатам жашырынып алып. Сага айтчу сөзүм көп. Бирок кагазга батпайт. Сени сүйөм, Делбирим.

Асман жерге түшкөндөй кулагым чуңулдап айланадагы үндөр угулбай калды. Бул эмнеси? Мен эми кандай жашайм?. Кантип эле ушундай болсун? Жаным, эмнеге олтуруп калдың?
Үйгө кантип киргенимди билбейм. Апам бетиме суу чачып ойготту, керебетимде жатыптырмын. Мени эңкейип эки досум карап туруптур. Апам ыйлап олтурат. Колуна мен окуган катты кармап алган.
Дароо ыргып ордумдан тура калдым да досторума бакырып кирдим:
Жүргүлө достор, Делбиримди алып келели, кандай дейсиңер?!….
Эки досум эки колтугумдан жетелей эшикке жөнөдү.
Жоомарт! Эсиңе кел! Анын турмушка чыкканына үч күн болуп калыпыр. Сен барсаң эле бере коюшмак беле?
— Досторум эки тарабыма туруп алып мени урушуп жатышты.
— Демек, бара албайсыңар э?! Экөөнү көкүрөгүнөн түртүп жибердим да өзүм жөнөдүм.
—- Токто Жоомарт! Эркек болчу! Намыс кайда?!
—- Мен аны сүйөм! Түшүнөсүңөрбү? Урдум намысыңарды! Силер түшүнбөйсүңөр! Сүйүп көргөн эмессиңер!— деп ыйлап да, кыйкырып да сүйлөп жаттым.
Баары бир досторум мени коё беришпеди. Машинанын ачкычын да бербей туруп алышты.
Ошол күнү шаардагы кафелердин бирине достор ээрчитип алып барып, таң атканча олтурдук. Мен буркурап улам экөөнү алмак- салмак жакалап ыйлай бердим.
—- Укчу Жоомарт, эмне көп татынакай кыздар көп. Эми Делбиримди кайрый албайсың. Кайрыган күндө да сүйүүңөр мурункудай болбой калат, себебин түшүнүп турасын.
—- Эмне деп турасың?! Мен анын эч нерсесине карабайм уктуңбу?
—— Айта бересиң, жашоодо эмнелер болбойт. Укчу Жоомарт, аяш энем да ыйлаган бойдон калды. Кел сени үйлөндүрөлү, кандай дейсиң?
Жаман эркек болбо! Күйүтүңөн күндө арак ичип жүрбө! Демек Делбирим экөөңдүн пешенең бир эмес көрдүңбү?! Баары кудайдын колунда.
—— Өзүңөр үйлөнө бергиле! — ордумдан туруп жөнөп калдым. Кайра эле колумдан тартып олтургузуп, досторум акылын айтып жатышты.

Ошентип күндөр өтүп олтуруп, арадан 6 ай өтүп кетиптип. Эки досум күнүгө үйгө келип мага кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүшөт. Мен бирине да кызыккан жокмун. Маани берип караган да жокмун десем болот.
Бир күнү адатымча керебетимде көмкөрөмдөн түшүп жатсам, апамдын ыйлаган дабышы ашканадан угулду. Акырын басып бардым. Апам байкуш ай, ашканада тизелеп алаканын жайып алып » Уулум үйлөнүп, бактылуу болсо экен, небере жытын жыттасам экен,» — деп ыйлап жатыптыр кудайга жалбарып. Ошондо бүткөн боюм дүркүрөп, апама катуу боорум ооруду.
Таң эрте эле досторум адаттагыдай келип, столдун үстүнө бир кыздын сүрөтүн таштап кетишкен. Бөлмөмө чуркап кирдим да, столдун үстүндө көмөрүлүп жаткан сүрөттү колума алдым.
Узун чачтуу, ак жүздүү, арык келген кыз экен. Сүрөттө баары сулуу көрүнөт эмеспи, жолугуп көрүүнү чечтим.
Досторума кызга жолуктургула деп айттым. Алар аябай кубанып дароо эле ошол күнү тиги кыз экөөбүздү кафеден учураштырышты.
Барып он мүнөттөй күтүп олтурдум. Колума букет карматып коюшкан. Кыз келди. Аябай жылдыздуу экен. Бир далайга сүйлөшүп олтурдук. Досторум сыртта күтүп турушат.
Эгер кыз жакса ооба же жок десең түшүнөбүз. Аяш энемди бүгүн эле келиндүү кылып кубанталы,— деп сүйүнүп алышкан.
Кыз жаман эмес, мүнөзү оор, токтоо сүйлөп оотурду.
Аңгыча досторум кирип келди. Ошол учурда Делбиримди ойлоп жүрөгүм канап турду. Айласыз алардын суроосуна ооз учуман ооба дедим.
Алар апама кабарлап камына башташты.
Махабат акылдуу кыз көрүнөт. Кафеден чыгып жөнөп баратсак мага карап: » Мени үйүңүзгө алып барасызбы?» — деди.
— Ооба Махабат, кандай десиң? Эми жаш бала эмеспиз, ачык эле сүйлөшөлү, мени кыйын күндөрдөн куткарбасаң болбойт дедим.
Мага көпкө тигилип туруп:» Ошол сүйгөн кызыңыздай сүйө аласызбы мени» — деп суроо берди. Достоум Махабатты кабардар кылышканын түшүндүм.
— Сен мага жардам бересиң да,— деп колунан кыса кармадым.
Ошентип Махабатты үйгө алып келдим. Каршылык кылбаганы менен көшөгөдө ыйлап олтурду. Апам, досторум, туугандарым аябай кубанды.
Атам үч жыл мурун каза болгон, тойдо атамдын орду билинип, батасына суусап турдум.
Күндөр өтө берди. Махабат бардык жагынан төп келишкен келин болду. Анын өтө тазалыгы, үй иштерин мыкты жасаганы апама аябай жакты. Мени сонун келиндүү кылып койдуң,- деп кирсе чыкса бетимден өөп кубанат.
Эң жаманы, мен Делбиримди унута алган жокмун. Махабатты кучактап жатсам да аны көз алдыма тартам. Жашоом мен үчүн кызыксыздай туюлат. Кээде Махабатка кыйкырып урушуп коймой адат таптым.
—- Мени сүйө албайт экенсиз, эмнеге алдыңыз?! Сиз баары бир аны унуткан жоксуз. Кээде ысымын атап аласыз. Балким үйүмө кете берсем болоттур?!- деп ыйлайт.
Бир жолу кош бойлуу кезинде ушинтип ыйласа: » Кет! Кетем деп эле калыпсың, жогол!» — деп уруштум. Апам ортого түшүп келинин корголойт.
Айтор Махабат экөөбүз үйлөнгөндөн тартып, такыр ага көңүл коё албадым. Сүйө албадым десем болот. Досторум да мени турмушума тынчсызданып, мени урушуп жүрүштү.
Окуумду аяктаган соң, чакан фирма ачып иштей баштадым. Директор мырза уруксаатпы?- деп досторум тамашага салып, ишканама барышса күлүп калышат. Менин ийгиликтериме кубанып жүрүштү.
Көпчүлүк убакытты иш канада өткөрөм. Жумушума алаксып, күндөр кантип өтүп жатканын билбедим.
Махабатка такыр көңүл бөлбөй койдум. Убакыт сызып олтуруп эки балалуу болдук. Жумуштан кеч барсам да, балдарды уктатып, ысык тамагын даярдап олтурат.
Тамакты ичип ары карап жатып алам. Мени кучактап, эркелетип койсоңуз боло,— деп жалбарат. Мен уктап калгандай түр көрсөтүп кутулам. Жуурканга кирип солуктан акырын ыйлап алат.
Махабаттын кесиби врач, аны иштеткен жокмун. Апам жалгыз, үйдө олтур,— деп эч жакка чыгарчу эмесмин.
Күндөр өтө берди. Махабат эч өзгөргөн жок. Күндө таң эрте мага үтүктөлгөн ак көйнөк кийгизип, галстук тагып, жумушка жиберет. Жаңы үйлөнгөндө кетип баратып өөп койчумун. Кийинки күндөрү жакамды оңдоп бүтүп, талпынып өбөйүн десе басып кетем. Көзүн жалдыратып кала берет.

Ушундай күндөрдүн биринде Кара- Суу базарына үйгө керектелчү буюм, жашылча алганы барып калдым. Унаамды токтотуп коюп, базар аралап жүрөм.
Алчумду алып жөнөп баратсам, мага тааныш үн угулду…
Жан жагымды карасам кийим сатчу жерде беш алты келин чакан столдо каткырып күлүп олтурушуптур. Арасында Делбирим олтурат. Көргөн көзүмө ишенбей кеттим. Ал дагы мени дароо көрдү.
—- Оой курбулар, тээтиги чыкыйган сулуу жигитти көрдүңөрбү? Азыр чакырып келем, — деп мага жакындай келди.
—— Кандайсың Жоомарт?
—- Жакшы өзүң кандайсың? Колумдан жетелеп барып көрпөчө салыпган тактага олтургузду.
Кир столдо салаттар, коняк, арак турган экен.
Делбирим жүдөп алган. Ал сүйлөсө оозунан арак буркурап турду.
—- Курбуларым, бул менин сүйгөнүм Жоомарт. Таанышып алгыла,- деп каткырып күлдү. Келиндер кезектешип колдорун сунуп мени менен учурашышты.
—- Дики, сүйгөнүң сулуу экен, а эмне ушуга эле тийип албадың?
—- Эх досторум, сүйүүбүзгө жетпей калганбыз, карагылачы кандай келишкен эркек ээ? Убагында мени аябай сүйчү, а мен азыр да сүйөм, — деп кучактап бетимден өөп койду. Оозунан келген салат менен арактын жыты көңүлүмдү айландырды. Келиндерден эптеп кутулуп жөнөй бердим. Кетип бара жатсам Делбирим кыйкырды:
—- Жора, бир күнү кезигели, жок дебе алтыным! Келиндер каткырып базарды жаңыртып күлүштү. Батыраак кетүүгө шаштым. Артымды бурулуп караган жокмун.
Машинама барып көргөн көзүмө ишенбей олтурдум. Делбирим, ушундай аял болдуңбу?- деп кайра- кайра өзүмө суроо берем. Аны баягы сулуу келбетин эстеп ыйладым. Мен сүйгөн Делбирим кана? Жок- жок, мен азыр башка адамды көрдүм. Менин жүрөгүмдө жашаган Делбирим мындай эмес.
Эки сааттан ашык ыйлап олтура бериптирмин. Күн кечтеп баратканда үйгө кайттым.
Эмнегедир Махабатты көрүүгө шаштым. Ага жолдон чоң букет гүл алдым.
Үйгө кирип барсам ашканада жалгыз мени күтүп олтуруптур.
— Кечигип кеттиңиз го, кабатыр боло баштадым эле…
—- Бир аз кармалып калдым. Апам, балдар кайда?
—- Тиги бөлмөдө кино көрүп олтурушат.
—- Бул гүл сага.
—- Магабы? — Махабат мени таңыркай карады.
Билем, алтыным, менден жакшы мамле көрө элек болчусуң, дедим ичимден.
Бүгүн аялыма биринчи ирет суктанып турам. Анын апапак жүзүнө жарашкан жоолугу, оймодой кызыл эриндери, бакырайган кара көздөрүн сүйүп турдум. Экөөбүз столдо тамактанып оотурдук.
— Эч жериң ооруган жокпу? — дедим ага көптөн берки көңүл коштугумду эстеп.
—-Жо- ок, ооруган жок.
— Кеч болсо да эстегениңиз үчүн рахмат,- деди ал.
—- Эмнени?
—- Кече өтүп кеткен туулган күнүмдү,- деди жылмайып карап.
Башыма чака менен муздак суу куйгандай болдум. Керек болсо анын туулган күнүн да унутуп калыптырмын.
Сүйүү көзүмдү сокур кылды.
Менин Делбиримге болгон сүйүүм бир заматта муздады. Көрсө сүйүү биздин жаныбызда жүргөн, кыйынчылыкта жөлөк болгон адамдарда жашайт тура.
Үйдү таза кармаган, балдарымды тарбиялап жаткан, апамдын жанынан чыкпай карап олтурган Махабатымдын кадырын билдим.
» Жетпей калган сүйүү барктуу» — бирок, кээ бир учурда адашабыз…

Автор; Эльвира Мейманова
Аягы…( кыскартылды)