Ырызалы Жанчаров: Күүнүн сыры

Күүнүн сыры

(Даректүү аңгеме)

XIX кылымдын аягы, XX кылымдын баш чендеринде Аксы, Кетмен – Төбө аймактарында болуш болуп өткөн Сулайманкулдун Тору ала ат деген күлүгү болуптур. Бул аттын Аксы, Талас, Анжиян, Алай чөлкөмүндө байгеде алдына ат салдырбаган буудан чыкканын узун кулак санжырачылар азыр деле жомоктото айтып калышат. Далай аш, той, чоң мааракелерде баш байге алып, “көз тийбесин” – деп, кулакчын, үртүктөрүнө, жал, куйрук, көкүлдөрүнүн арасына көз мончок тактырып, аспиеттеп, атайын бир саяпкер дайындап, таптатып жүргөн учурлардын биринде Таластан тээ айтылуу Бостон бий дегендин Жанболот, Бекболот деген балдарынын Баит бий дегенинин небереси Көкүм палбан ээрчиткен топ жигит Аксыга тойго келип, тойдон соң жээни Сулайманкул болуштукуна кайрылышып, конокко түшүп калышат. Ал тойдо да баягы Тору ала ат байгеде биринчи чыгып, эл дуулдап сөзгө алып мактап жатышкан. Аксылык болуш алыстан ат арыта келген таластык тага журтун эки үч күн өргүтүп, кайтарында тон жаап, ат тартуулап, камчы сунганда Тору ала атка сугун арткан тагасы Көкүм палбан:

– Алда кайдан ат арыта келген тагаларыңа чобурларды мингизбей, берсең жээним Тору ала атты бер, бербесең бул эшек түспөлдөрүңү өзүң уйчумандарыңа мингизип, торпок кайтарт – дейт.

Намысына келе түшкөн болуш, ичи туз куйгандай тызылдаганына карабай Тору ала атты Көкүм палбанга тартуу кылып ийет.

Арадан жылдар жылышат. Аттын аты өчүп, аш, тойлор Тору аласыз өтүп, байгенин ээлиги башка күлүктөргө ооп кеткенин угуп, көрүп жүргөн Сулайманкул болуш, Таластагы бир тойго барып, кайтарда тагалары коноктоп, болушту атказып жатканда алардын тартуулаган атын карап туруп:

– Тага, баягы мен мингизген күлүктүн дареги чыкпай кетти да. Аны эмнеге кошпой койдуңуз? – деп сураганда:

– Ал атыңдын дөөлөтү, ошол өзүңдүн корооңдо, Аксыда калып калыптыр. Байгеде дайыма эле салпактап аркада кала берип, жадатканынан улам муногу кара кашка акшыйракты кошуп жүрбөймүнбү. Акыры кечээ көрдүң го, мөөрөй алып, байгеде экинчи келбедиби. Ошол кезде сенин атыңды даңазалап жүргөн Тору ала атыңды марттык кыла мага кармата бергениңди эстеп, бул күлүктү сендей жээниме мингизбесем менде намыс калабы? – деген Көкүм тагасына жылмая күлгөн Сулайманкул өзү менен ээрчите жүргөн, беш каман уруусунан чыккан сынчы, саяпкер Жаназар тарапка көз кыйыгын таштады эле: “Тору ала атты сура” – дегендей жаңсады, ал.

– Тага, эгер көңүлүңүзгө кетпесе, сизге жакпай калган Тору ала ат тирүү болсо, ошону эле бербейсизби? – деди Сулайманкул болуш. Күлүк атынын каларына ичинен сүйүнгөн Көкүм палбан уйчумандын үйүнө ат чаптырды. Тарбайып арыктап, жоор, кырчаңгы болуп, көздөрү чылпактап калган Тору аланы көргөн Жаназар саяпкер аттан ыргып түшүп, көзүнө жаш тегерене:

– Кайран гана аргымактын асылы ай! Не деген кордук бу?! – деп буркурап, күлүктүн мойнун кучактап, калтырак баскан колдору менен сербейе сейректелген жалын сылай тарап, маңдайынан кашый, чылпагын тазалайт.

Муну зээни кейий карап турган Сулайманкул болуш:

– Бул эми ат болобу? – дейт, акырын Жаназар саяпкерге кайрыла.

– Бир жолу чапканга жаратса болот – дейт, Жаназар.

– Анда жетеле! Кеттик! – дейт, болуш Жаназарга кайрылып. Анан Көкүм тагасына кол сунуп:

– Атыңыз өзүңүзгө калды. Мен Тору аланы эле алып кетейин – дегенде:

– Жээним көргөн эл эмне дейт? Намысчы? Айтылуу Аксынын улугуна ушундай бир кырчаңгы чобурду жетелетип… уят болбойбу?! – деп күпүлдөгөн Көкүм бийге:

– Тага, ошол уят дегендерди келерки күздө меникине тойго ээрчите, күлүктөрүн жетелете барыңыз. Чоң ат байге өткөрөм. Жараткан буйруса Тору аланы ошондо байгеге кошомун. Ээ баса, Кара кашка ак шыйракты да таптап ала барыңыз – деп, жүрүп кетет Сулайманкул болуш.

Бул сөздү кулагына түйгөн саяпкер кышы менен Тору аланы эптеп сактап чыгып, жазында жайлоо ачылары менен Авлетимдин “Он ачар” тоосунун түбүндөгү бетегелүү көк бетке жетелеп барып, бир саан уй, беш жүз кило күрүч кошо жеткиздирет да өзү күнү-түнү ат менен болуп, көк сүргөн соң акырындап оңоло баштаган аттын төрт бутунан тең кан алдырып, күндө тарап, сылап-сыйпап багат. Күзүндө Тору ала кадимки күлүк мезгилиндеги түс-түспөлүнө келип, сын-сыпаты артып, жумурткадай толот. Саяпкер эми атты айылга алып түшүп, боз кыроонун бедесине коюп, андан соң кургак бедеге өткөрүп таптай баштайт. Муну көрүп жүргөн болуш бир күнү саяпкерди чакырып:

– Тойду кайсыл күнкүгө белгилесек болот? – дейт.

– Бир айдан кийин өткөрө бергиле – дейт, Жаназар.

Ошентип Сулайманкул Талас, Алай, Кетмен-Төбө, Анжиан, Аксынын элин чакырып, атайын Тору ала аттын күлүктүгүн далилдемекке чоң той берди. Кыргыз атпайга аты таанымал Нүсүп миң башынын урпактарынын бул тоюна кулагы угуп калгандын баары оюн-зоок көрмөккө жапырт келишип, атка чебер улакчы, эңишчүлөр, күлүк, жорго таптап, байгеге кумарланган саяпкерлер, чабандестер, күрөш, жамбы атыш ж.б. оюндардын ышкыбоздорунун бири атын таптаса, бири өзүн таптап жүрүп, мына эми өнөрлөрүн элге тартуулаар күнгө жапырт келишти.

Кеп Тору ала ат жөнүндө болуп жаткан соң, башка оюндун түрлөрүн коё туруп, сөздү ат байгеге буралы. Ошентип бул байгеде аттар Аксынын азыркы Кара-Жыгач айылынын Тор-Камыш деген жеринен Кербендин Топурак-Бел деген жерине чейинки аралыкты басып өтмөк болушту. Ушул элүү чакырымдай аралыкты тойго камылга көрүлүп жатканда эле Жаназар саяпкер Сулайманкул болушка өзү сунуштаган.

Саяпкерлердин макулдугу менен байгеге кошулган аттар Тор-Камышка барып түнөтүлмөккө бир күн мурун айдалды. Сүлүктөй тапталып, эликтей элире туйлаган жайдак тулпарлардын үстүндө маймылдай чапчаң чабандестерди жандай жалаң саяпкерлер барат, аттан атка, күлүктөн күлүккө көздөрү өтүп, кайсыл ат кандай тапталып, кандай жүгүрөрүнө, канчалык аралыкты канчалык дем менен арыштаарына сын ташташат, бири-биринин артыкчылык, мүчүлүштүк касиеттерин аңтара карашып, канткенде ал күлүктөн өзү таптаган күлүк озооруна ой чабыттатат, жакшы, артыкчылык, кемчилик, мүчүлүш сапаттарын сынай карап, озуп кетүү айла-амалдарын издейт.

Ошондойлордун ири алдында Жаназар саяпкер бар эле. Ал Сулайманкул болуштун Тору ала атты кордогон таластык тагаларына күлүктүн накта күлүк экендигин далилдемек кумары артып, өткөн жылкы алардын “салпактап артта калып” деген сөзү кулагында кайталанып, тулпардын анык тулпар экендигин далилдээр эртеңки күндүн ооматтуу болушун тынбай Жараткандан жалбара тилеп, улам ар кайсыл атка салыштыра, “мындан озоор ат барбы?” – дегенчелик, күлүктөрдүн биринен сала бирин аңтара тиктеп баратып, көзүнө табы, сыны келишкен көк кашка күлүк урунду. Жүрөгү болк эте түштү. Кайра тигилди, кулагынын учунан, туягынын, куйругунун учуна чейин кайра-кайра арылта тиктеп, кынтык таппады. Көк кашкадан көзүн ала кача “тообалап” башка аттарга бурду, жок кареги кайра эле көк кашкага кадалат, айласы куруду. Маңдай тери чыпылдап, борчоктоп чыгып, жүрөгү сыгыла, айласы куруп, “оолдо бири сыңар дүнүйө-аа” – деди ичинен, – “карабайсыңбы Тору аланын бешенесине көк кашканын туура тура калганын-а”! – деди күйүгө. Жол ката көк кашкадан Тору аланы оздуруунун жолун издеди. Ой басты, саяпкерди. Тигил көк кашканын саяпкери да сары ала сакал, мурутун сербейтип, мышыктыкындай көгүш жашыл көздөрүн тикирейтип, өтө тыкан, чыйрак, сергек неме көрүнөт. Бүт аттарды кыдырата тиктеп коюп, шайдоот, көңүлү көтөрүңкү. “Ушул неме таптаган атынын артыкчылыгын байкап баратат” – деди ичинен Жаназар. Тор Камышка жакындай бергенде:

– Тээ тиги көк кашканы көрдүңбү? Сен атты ошого жандай бастырып барып, алар токтоп, атын байлаган жерге Тору аланы жанаштыра байла – деди, Жаназар саяпкер, чабандеске. Өзү атынын башын тарта жайлата бастырымыш этти…

…Түн бир оокум. Кеч күздүн боз кыроолуу сыдырым түнү ичиркенте чыйрыктырат. Бул капчыгайды аралап өткөн дайранын шапатасына кошул-ташыл жүрүп турган муздак шамал адамды уктата турган эмес. Ансыз да таңзаар менен боло турган байге толкундаткан жүзгө жакын күлүктүн ошончо чабандеси, саяпкерлери ушул азыр уктамак беле, улам биринен сала бири таң ашырылган атына кашек салып, сылап-сыйпап, биринен бири өтө таптоонун ыкма сырларын жашыра, уурдана басып, бүт кесип кыла тутуна билген билим өнөрүн жумшап, эртеңки байгени, эл жер намысын коргоп мөөрөйдү алуунун амалын жасашып, уйку жок.

Жаназар да Тору алага акур кылып жасаган таштын түбүндө бүрүшө үнкүйүп, тунжурап, жанындагы көк кашкага да көз кыйыгын таштап телмирет. Мунун арамза оюн сезип калгансып, тигил сары ала сакал мурутчан мышык көз саяпкер да атынын жанынан карыш алыстабайт. Мына, тээ айыл тараптан короз кыйкырып, чыгыштан таңдын шооласы да байкалгансыды. Аңгыча сары ала сакал мурутчан, мышык көз саяпкер жанындагы куржундан салкында кургатылган беденин көкмөк сөңгөгүнөн эки тутамдап салмактап көргөнсүп, ар жак-бер жагын карап, силкип-силкип, анан аттын алдындагы акур сыяктуу нерсеге таштап, атынын маңдайынан сылап, анын чөп жеп жатканын тиктеп бир аз турду да, даарат ушатканы нары басты. Ушул учурда Жаназар саяпкер эки жагын карана эч ким көрүнбөгөнүнөн пайдалана, көк кашканын алдындагы беденин бир тутамын ала коюп Тору аланын алдына таштап, анан өзүнүн куржунундагы бедеден да өлчөп ченеп, тигиден алган жанагы беденин үстүнө кошо таштап, кайра жанагы таштын түбүнө бүкчүйө олтурду.

Саамдан соң тигил көк кашканын саяпкери келди эле жаныбар күлүк жер чапчый, “тойбодум” дегенсип окуранды. Аттын жанына келип, жалын кашылаган саяпкер:

– Болот ошол. Жеп түгөтүпсүң го. Андан ашыгы, бүгүн сага ашык – деп акырын кобурады.

Дал ушул азыр көк кашканын тили болуп калганда таймаштын чечүүчү мүнөтүнө кереги тиер бир тутам эң кымбатка турар беденин баар баркын айтып бермек, атаганат. Саяпкер ага кайдан баам таштамак эле.

Дал ушул учурда толкунданган Жаназардын да жүрөгү Тору ала ат биринчи чыгып келгендей дүкүлдөп: “Мөөрөй биздики! Кудайым кааласа, биз биринчи болобуз!” – деп, атынын тумшугунан сылап, көзүнө кадимкидей жаш тегерене сүйүнүп жатты.

Дал ушул учурда ал өзүнүн каразгөйлүгүн, митаамдыгын эли-журттун намысына, кадыр-баркына, Көкүм палбанга айтылган шертке, ар кандай жеңиш аёону билбесине, сен атаандашыңы аяган менен ал сени аябашына шылтап, Жараткандан жалбара кечирим сурап жатты.

Аттарды байгеге коё берүүгө даярдап, куйруктарын түйүп, үртүк, кулакчындарды сыйрып алып, жүгөн, чылбыр, тизгиндерди бир сыйра текшерип, чабандести мингизип жатып, Жаназар:

– Ат Мукурга жеткенде экинчи болот. Күлдүрдүн оозуна барганда көк кашкага аркан бою жет да, ошол калыбында Боспу жээкке чейин зоруктурбай бара бер. Боспу жээкке жеткенде камчы басасың. Уктуңбу?! Атты ошондон ары чап! – деп дайындап жатты.

Ошентип Тор-Камыштан башталган байгенин аттары Кара-Жыгачтын тар капчыгайында чубаша келип, Раваттагы, Токол-Эчкинин оозундагы тойканадан сызган куштай эле зымырап өтүп, топ аттын алдырагында келаткан Тору аланы сүрөмөк болуп, кыйкыра чапкандар даңкан, чаңга аралаша заматта алда кайда калып кетишти. Жол ката ар кай жерде топ-топ боло байге көргөн эл чурулдап барып үнү алыстап, Мукурдан баштап күлүктөр улам териле алдыга чыгып, Күлдүрдүн оозуна келгенде Жаназар саяпкер айткандай Тору ала көк кашканын аркан бою артында, экинчи болуп келатты. Боспу жээкке келгенде көк кашкага жакындап келаткан Тору ала атка чабандес саяпкер айткандай камчы басты. Байгенин башына жакындап калганга улам кылкылдап коюулаган элдин ызы-чуу, сүрөөсү кулак тундуруп, азыр жалпы байге бүт аттардан ат чабым алдыда бөлүнүп озо, бирок сороктоп арыган ушул Тору ала менен көк кашканын ортосунда эле жүрүп жаткандай туюлуп турду.

Экөө тең биринен бири озуу үчүн бар күчүн жыйып, түйүлө серпилип, эң акыркы кубатын, эң акыркы демин жумшай омуроолорун ак көбүк жаап, терилери терге чылана жалтылдап ар бир ташталган арыштары азыр ушул аргымактардын өз жандарынан кымбатка тургансып, бүт кубат, күчүн мына – азыр эле чыга келчү дөбөдөн берилер ооматка, жеңишке атап коюшкансып атаандаша, өчөшө умтулуша, кудум эле ушул тирүүлүктүн бүт кумары, кызыгы, баа-барктын эң эле бийик чеги дал ушул учурдагы мелдештин эң акыркы ирмеминде тургансып, акыл эстүү адамдар тургай, ушул төрт аяктуу күлүк жаныбарлар да жан сайып ийгендей.

Мына, акыркы саналуу гана аралык. Дал ушул жерде баягы бир тутам беденин бедели, баасы байкалгансыды. Жаныбар көк кашка бараткан жеринен мүдүрүлө, теңселип барып түзөлдү. Дал ошол көз ирмемде Тору ала ат эки-үч арышты ашыкча таштап, көк кашкадан моюн улаш озо түштү. Дал ошол жер маранын бүтүшү эле.

Ошентип алгач куйрук улаш артта келаткан Тору ала ат акырындап маарага жакындаган сайын көк кашкадан карыш, сөөмгө ылдамыраак жылып олтуруп, маарага жеткенде моюн улаш озуп, чыга келди. Муну Жаназар саяпкер кийин деле баягы бир тутам беденин сөңгөгүнө байланыштырып айтып жүрдү.

Сүйүнгөндөн Сулайманкулдун көзүнө жаш тегерене түштү. Теңселген Тору алага дароо үртүк, кулакчын жаап, чабандес теңселте ары-бери жетелеп жүрдү. Ат заара чыгарбай, ан сайын жүрөгү сыгылган чабандес ыйлап, тойдон эки-үч күн мурдагы Сулайманкул менен Жаназар саяпкердин:

– Ат чыгабы байгеден? – деген болуштун суроосуна:

– Бир жолу чыгышы бар.

– Ананчы?

– Эгер ушул байгеден тирүү калса го, дагы көрөт элек,-деген саяпкерге, таңдана караган болуш:

– Эмне ат өлөбү? – дегенде,

– Өлүш өлбөсү го Кудайдан дечи. Бирок ушул байге Тору аланын акыркы эрдиги болобу деп чочулап жүрүм, – деген сөздөрү кайра-кайра оюнда жаңырып, аңгыча онтоп барып очорулган күлүктү көргөн Сулайманкул:

– Алдына килем төшөгүлө! – деп, буйрук берет. Килемге жыгылган аттын башына жаздык койдурганда ат кадимкидей төрт бутун суна онтоп жатып жан берет.

– А жаныбар, ат болбосоң коё кал! Мен айтпадым беле; “атыңдын дөөлөтү корооңдо калыптыр” – деп. Көрдүңбү жээним! Баракелде! Саяпкериң да мыкты турбайбы. Жаныбар канат бүткөндөй жүгүрдү-а! – деди болуштун баягы Таластан келген таякеси Көкүм палбан, байгеге кошкон кара кашка ак шыйрагынын караанын тээ алыста келе жаткан топ аттын арасынан акмалай издеп.

Аны менен кимдин иши бар. Чурулдаган эл кийинки келип жаткан аттарды сүрөөнгө алыша ызы-чуу түшө күүлдөшүп, тамаша көрүп жатышты.

– Аксынын аты чыкты! – деп кыйкырды байге башы.

Ат үстүндө турушкан Алымкул, Ныязалы, Жеңижоктор заңкылдата алымсабактата төгө ырдап киришкенде Каңкул кыякчы тууганынын аты чыгып, мөөрөй алганына кубана, кыягын сыбызгыта биринчи жолу, ушул Тору ала атка арнап “Ат кетти” күүсүн ойноп, ага сөз кошо:

“Ат кетти-ии-и, ат кетти!

Тору ала ат кетти, ат кетти!

Ат кеткенде бат кетти,

Жан талаша жарышып,

Маарасына бат жетти!

Ат кетти-ии-и, ат кетти!

Тору ала ат кетти, ат кетти!

Намыс үчүн жан берип,

Тындым жакка бат кетти!

Ат кетти-ии-и, ат кетти!

Аттиң чиркин, ат кетти!

Ай жаныбар-аа, жат кетти!

Ат кетти-ии-и, ат кетти!

Тору ала атка тап жетти,

Көк кашкадан алга озуп,

Марасына бат жетти!

Саяпкери келишсе,

Ат эликтей сак чуркайт.

Ат чуркабайт мындайда,

Атты элирткен тап чуркайт.

Жаратканы жар болсо,

Тап чуркабай, бак чуркайт! – деп, сыбызгыган кыяк күүсү муңкана, аны куйма кулак Ныязаалы, Жеңижок, Алымкул берилип уга, комуздарын күүгө келтире кулагын толгоп, ошол замат өркүндөтө, улам биринен сала бири коштоп, улап күү төгүшө, аны уккан эл Тору аланын өлөрүнө карабай намыс үчүн жан берип, мөөрөй алганына тан беришип:

– А жаныбар, ат болбосоң коё кал!

– Карабайсыңбы маарага келип, мөөрөй алып анан жан бергенин – дешип, сыбызгыган кыяктын муңдуу күүсүнө, аны коштогон кошок ырларына жашыктары кирпик нымдай жашышып, ошондон улам ошол “Топурак-Бел” – деген жер Тору аланын ушул окуясынан кийин, ушул күлүктүн урматына “Күлүк-Дөбө” аталып калат. Каңкул карыянын “Ат кетти” күүсүнүн пайда болуш таржымал сыры ушундай экен.

Бул аңгеме Сулайманкулдун тууганы Бөрүкул, Акчубактын санжырачысы Өмөр уулу Итигулдун баяндарынан эле. Ушул күндөрдө муну санжырачы молдо Абдрасул айтып жүрөт.