– Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүрүп бири-бирибизди жакшы билип, анан үйлөнгөнбүз. Алгачкы жылдары баары ойдогудай болчу. Кез-кезде казан-аяк кагышканы менен ал мени алмаштырат деп ойлочу эмесмин. А мен аны алмаштырам деген үч уктасам түшүмө кирбеген. Төрт жылдай балалуу боло албай жүрсөк да андан салкындыкты байкаган жокмун. Боюма болгонун укканда менден бетер көзүнө жаш алып кубанганын эстесем бүгүн да ичим жылыйт. Талгагым катуу болуп, ошондон уламбы, кыйналып төрөдүм. Төрөттөн кийинки депрессияны да оор көтөрдүм. Жолдошумду жактырбай, кагып-силкип, чарчап, сүтүм качып, ошондон улам балам да ыйлаак, алсыз болду. Балам эки айлык болуп көзгө көрүнүп, мен да өзүмө келе баштаган маалда балам экөөбүз тең сасык тумоолоп калдык. Көп деле маани берген эмесмин. Ооруканадан деле жакшы болуп чыкканбыз. Анан бир түндө эле баламдын дене табы отуз тогуз-кыркка жетип, ошол түндүн таңында баламды жоготуп алдым. Маани бербеген сасык тумоо биздин кубанычыбызды колубуздан жулуп кетти.

Мен кайрадан депрессияга түштүм. Жолдошума деле оңой болгон жок, бирок мен башыбыздан кечирип жаткан кайгыга күйөөмдү күнөөлөй берчү болдум. Күн алыс ыйлап, өткөн-кеткенди айтып ызы-чуу салам. Бир жолу жолдошум: “Чачыңды жууп алчы, жүдөп кеттиң”, – деп коюп балээге калды. “Мен башымды жууй турган абалдамынбы? Жасанчу учурду тапкан экенсиң”, – деп ыйлап баштаганда жолдошум сыртка чыгып кетип кутулду.

Экөөбүздүн мамиле күндөн-күнгө салкындап, кийинки күндөрү Улан (жолдошум) үйгө кеч келчү болду. Ал келгенде же ыйлайм, же адам келдиби, ит келдиби дебей жатып алам. Мурда ыйласам үйрүлүп соороткон, ары карап жатып алсам “ооруп калган жоксунбу?” деп кабак-кашымды карап турчу жолдошум андайда же сыртка чыгып кетет, же телевизордун үнүн болушунча чыгарып алып жата берет. Мунун баарын көрүп абалды жөнгө салбасам жакшылыкка алып келбесин акылым менен аңдасам да жүрөгүмдү эзген кайгымдан арыла албай, өзүмдү колго алганга чамам жетпей жатты. Мага тирек болчу киши керек эле ошондо. А жөлөк болчу кишим – жолдошум же чарчады, же тажады.

Бир күнү бирөөдөн “машине айдасаң депрессиядан арыласың” деп угуп калдым. Кой, алаксыйын деп айдоочулук курска барып машине айдаганды үйрөндүм. Машине айдап алып өзүмдү алаксытуу максатында курбуларыма барам. Чын эле бир аз тынчтангансып калдым.

Бирок… Бул учурда жолдошум өзгөрүп кетти. Телефонунан такыр бошобойт. Мени баарынан жүрөксүткөнү – мурда ар жерде кала берген телефонун азыр колунан түшүрбөй калды. Жүрөксүгөнүм бекеринен эмес экен, бир күнү түн жарымда телефонуна смс келди. Уктай албай жаткам, күйөөм таттуу уйкуда эле. Акырын алып дааратканага кирип карасам, “мен сизди сагынып уктай албай жатам” деген билдирүү экен. Смс келген номерге чалсам бир кыз алды. “Оов, жаным”, – дегенде эле кармана албай каргап-шилеп кыйкырып кирдим.

Менин үнүмдү уккан жолдошум туруп келип колумдан телефонду жулуп алып сыртка чыгып кеткен бойдон кайра келген жок. Ыйлап, кыйкырып, каргап жатып уктап калыпмын. Ошол чыгып кеткен бойдон Улан үйгө эки күн келген жок. Ал келбеген эки күн ичинде ыйладым, идиш-аягымды талкаладым, ал тургай, муздаткычта турган ичимдикти ичип көрдүм. Баламдын сүрөттөрүн, үчөөбүз чогуу түшкөн бактылуу ирмемдерди карап алып жинди немече кыйкырып-өкүрдүм, бирок мунун баары менин кайгымды жеңилдеткен жок. Өзүмдү күзгүдөн карасам мени жүдөгөн, көздөрүнүн алды калталанып карайган, чачы боёлбогон жат бирөө карап туруптур. Анан ваннага сууну толтуруп жатып алып ойлондум, анын менден кеткен себептерин алымдын жетишинче таразаладым, бирок канчалык өзүмдү жооткотпоюн, дил тереңинде “ушундай учурда мени колдоп койсо болмок” деген күйөөмө болгон таарыныч кетпей туруп алды.

Күйөөм эки күндөн кийин келди. Мен кечирим сурап актанат го деп ойлогом. Антмек түгүл, “экинчи менин телефонумду кармачу болсоң таарынба”, – деди кумсарып. Ошондо мага бир азгырык ой келди. Мен да бирөөнү таап алып өч алсам деп ойлодум. Планымды сулуулук салонуна барып чачымды боётуп, кырктырып, айтор, өзүмдү иретке келтирүүдөн баштамак болдум. Тагдыр беле, же сыноо беле, барсам менин чачымды дайым кыркчу чач тарач эс алууга кетип, ордуна узун бойлуу, кең далылуу, айрыкча көздөрү адамды башкача бир мээрим менен караган келбеттүү жигит иштеп калыптыр. Жигит чачымды кыркып болду да, мени күзгүдөн карап туруп: “Мына, бул башка кеп. Чырайыңызга чыга түштүңүз”, – деди чачымды сылай берип. Мойнума тийген колдору ысык, абдан жагымдуу экен.

Ошондон көп өтпөй конокко бармак болуп чачымды жасатып алайын деп ойлодум. Чач тарачканага келсем Талгат түштөнүүгө чыгып баратыптыр. “Жүрүңүз, чогуу эле чай ичип келели”, – деди ал жадырай күлүп. Баш тартпадым, бир чети шашкан жайым деле жок. Жакынкы кафелердин бирине кирдик. Талгат мага жаккан тамакты мени менен көп жылдап чогуу жүргөнсүп айттырбай тандап, адеби менен сүйлөп отурду. Экөөбүздүн жалпы кызыккан нерселерибиз абдан көп экен. Ошол күндөн баштап биздин чогуу түштөнүүбүз көбөйүп, жолугушуулар улам тереңдеп баратты. Бара-бара кадимкидей жеңилдеп, өзүмдү аял сезип көңүлүм көтөрүлүп калды. Жолдошум келеби, келбейби, мени мурдагыдай кыжалат кылбай, чынын айтсам, анын бар-жогу мааниге ээ болбой баратты.

Бир күнү Талгат: “Бир жерге барып келеличи”, – деди чачымды жасап болгондон кийин мойнумдан кошо сылай күзгүдөн эркелете карап. Жумуш күн бүтүп бараткан. “Кеч калбайбызбы, мен үйгө барышым керек?” – дедим чын дилимден. Анын чакыруусу мага жакса да аны менен түндөп калып калуу ал кезде менин кыялымда жок нерсе болчу. “Бир аз кечигебиз, бирок сага зыяны тийбейт”, – деди ишенимдүү. Ал мени биринчи жолу ошондо “сен” деди. Бул мага өөн учурамак түгүл, жагып турду. Биринчи мен чыгып кетип машинемде күтүп отурдум. Машинедеги күзгүдөн өзүмдү карап тааныбай калдым. Көздөрүм мурдагыдай жалжылдай нурданып, жүзүм да өңүнө чыгып, айрыкча чачымдын жасалгасы ажарымды ачып турган. Бир кезде качан алганын билбейм, бир кучак роза көтөргөн Талгат келди. Анын колундагы гүлдөр менин алыс калган бактылуу күндөрүмдүн бир үзүмү эле. Улан дайым ушинтип аппак роза көтөрүп келчү. Жүрөгүм кир тарта ооруп алып, кайра күйөөмө болгон өчөшүү, таарыныч баарын жууп кетти. Атаганат, ошондо эле токтотсом баары башкача болот беле, ким билет.

Ошол күнү мен биринчи жолу үйгө кеч келдим. Кошо келген Талгат кеткиси келбей улам рулдагы колумду кармалап, мойнумдан өөп, үйгө чакырабы деп үмүт кылып жатканын көздөрүнөн байкадым. Үйгө чакырмак түгүл, азыр өзүм үйгө киргенге даабай кирдеп отургам. Талгатты: “Сен бара берчи, мен бир аз отуруп кирем”, – деп кетирип жибердим. Бир топтон кийин Талгат берген розаларды көтөрүп үйгө кирсем Улан олтуруптур. Үйгө келбегенине бир жумадан ашып калган эле.

– Ии кайдан, эмнеге келдиң? – дедим.

– Ал эмне дегениң, үйүбүзгө келдим.

Улан унчукпай ордунан туруп келди да, “түн ортосунда кайда жүрдүң, гүл кайдан?” деп бир ооз сурап койбой мени үнсүз бооруна кысып, көпкө кучагынан чыгарбай тура берди. Ошондо анын мага ысык, мага тааныш, мага бир боор жүрөгүнүн түрсүлүн уктум. Ушундай бир көнөктөп ыйлагым келди. Өзүмдү кыстап туруп кучагынан чыгып кеттим. Жуунуучу бөлмөгө кирип алып ыйладым да, качан соолукканда чыксам Улан жок экен. Ичимден “эмнеге минтип кучактап калды десе, коштошкону келген тура. Эмне, ажырашабызбы” деп ойлоп алып, бул суук ойдон улам ичимден бирдеме үзүлүп кеткенсиди. Терезеге келип алып сыртты кусалуу карап турсам телефонума смс келди. Талгаттан го деген ойдон улам карагым да, окугум да келген жок. Ошондо аябай жалгызсырап, бирок Талгатты эмес, Уланды жоктодум негедир. Анан телефонума чакыруу келе баштады, карасам Уландын номери. Жүрөгүм баягы алгачкы жолугушуудагыдай аптыгып шашып кеттим. Алсам, “балконго чыкчы”, – деди да, өчүрүп койду. Балконго чыксам кичинекей шамдардан “МЕН СЕНИ СҮЙӨМ” деп жазып, өзү тизелеп отуруп алыптыр. Ошондо смсти карадым. Ушул сүрөттү тартып жөнөткөн экен. Кайра чалды да: “Суранам, чыкчы, өзүбүздүн жайыбызга барып келеличи”, – деди үнү дирилдей жалынычтуу. Кармана алган жокмун, кантип учуп чыкканымды билбей калдым. Экөөбүз алгач таанышып, кийин тез-тез барып турчу кафебизде таң атканча сүйлөшүп отурдук. Ошол түнү мен аны сүйөрүмдү, ансыз жашай албасымды түшүндүм. Ал мени кечирдиби, билбейм, мен аны кечирдим. Ошол күнү эле Талгатка “мени туура түшүн, күйөөмдү сүйөт экем. Мен аны кечирдим, мага келбе, суранам. Биз эми эч качан жолукпайбыз. Жакшы күндөр үчүн рахмат. Бактылуу бол” деп жазып ийдим. Бирок ал менден баш тартпай койду. Ар түрдүү ырларды, смстерди жазып жалбарып, беймаал чалып тынчымды ала берди. Телефондон жакшы айтып да, ал тургай, оозго алгыс басынткан сөздөр менен урушуп да көрдүм, болбоду. Аргам кеткенде номеримди өзгөртүп салдым. Талгат ушуну менен эле тынчып калган жок. Бир күнү подъездден Улан экөөбүз чыгып баратсак Талгат короодогу отургучта отуруптур. Көрүп эле жүрөгүм оозума кептелип калгандай болду. Аны канчалык карабаганга аракет кылсам да тушунан өтө бергенде аргасыз көзүм көзүнө түштү. Анын көздөрү кусалуу, ошол эле учурда ызалуу эле.

Ошол ошо болду, Талгаттын биздин үйдү айланчыктаганы көбөйдү. Улан менен чогуу болсом жеп ийчүдөй карап, жалгыз болсом: “Мен сени сүйөм, – деп жалынып, менин түшүндүргөнүмдү уккусу келбей, – мени таштап кетем деп ойлобо, күйөөңө айтам”, – деп коркутуп, айтор, миң азапка салат. Бир күнү Улан экөөбүз дүкөндөн чыгып келе жатсак күтүлбөгөн жерден Талгат алдыбыздан чыкты да, Улан менен эски тааныштай кол берип учурашты. Аза боюмду муздак тер басып, “бүттү” дедим ичимден. Талгат мени ушундай бир муздак көз менен башыман аягыма чейин сыдыра карады. Бутум калчылдап, Уланды колтуктап турган колдорум чымырап кетти. Анан ал: “Ушул үйдөн батир берчүлөр жок беле, байке?” – деди эч нерсе болбогондой. “Уф” дедим жеңилдеп. “Билбейт экем, жигит. Сен билбейсиңби?” – деди Улан бирдемени туйгансып мени карап. Балким, мага ошондой сезилген чыгар, ким билет. Мен оозума кеп келбей башымды чайкап койдум. Берирээк басканда Улан артын кылчайып карап:

– Ушул жигит кимди акмалап жүрөт болду экен, ушул айланадан кетпей калды, – деди.

– Биздин үйдө жашаган кыздардын бирине келген жигиттир да, – дедим абалымды билдирбеске тез-тез басып.

– Азыркы жигиттер минтип акмалабай эле керек болсо үйүнө кирип барат. Кыздар деле мурдагыдай кадыр сактап, каада күтпөй калган, – деди Улан өзүнчө ойлуу кобурап.

Кечке маал кир жайганы балконго чыга калгам. Ары жактан басып келе жаткан Талгатты көрүп эле мени байкап калбасын деп отура калдым. Ал жолунан жолуккан бир аялды токтотуп алып:

– Замира кайсы батирде жашайт, билбейсинерби? – деп сурай баштады. Анын үнүнөн эле кызуу экенин байкадым. Тиги аялдын:

– Мен бул үйдө жашабайм, билбейт экенмин, – дегенине карабай ардемени айтып кыжылдап жатты. Бир кезде тиги аял тажады окшойт, кыйкырып урушуп кирди. Аңгыча күйөөсүбү, ары жактан бир киши басып келип Талгат менен туткакташып калды. “Азыр чыр чыгып менин абийирим ачылат экен” деген ойдон кандай учуп чыкканымды билбей калдым.

– Кечирип койгула, бул менин айылдаш иним эле, азыр кетет, – деп тигилерди кетирип жиберип Талгатты четке тарттым. Ал мени кусалуу да, ызалуу да карап турду. Ары айтсам да, бери айтсам да болбой: “Күйөөң менен жашай бер, бирок мени менен да жолугуп турасың. Антпесең эмкиде сенин кайсы батирде жашарыңды күйөөңдөн сурайм”, – деди көздөрү жаалдуу жалтылдап. Азыр кеп укпасын түшүндүм, ары Уландын келер маалы болуп калгандыктан кетиргенче шашып: “Макул, эртең “Бишкек Парктан” жолугалы, сураарым мас болбой кел, сүйлөшөбүз”, – дедим элеңдеп. Талгат мага ишендиби, же аядыбы, Кудай жалгап басып кетти.

Эртеси болжогон жерден жолуктук. Арыктаган, мурдагыдай жайнабай күлкүсү күбүлгөн, менден жылуу кеп күткөн Талгатты көрүп өзүмдү күнөөлөп кеттим. Ал жакшынакай болуп кийинип, эң башкысы соо келиптир.

– Талгат, сен мени туура түшүн. Мен күйөөлүү аялмын, сени менен бир кезде күйөөмдөн өч алуу үчүн гана жүргөм. Сен мага кайгы менен кызгануудан башым тумандап жүргөн кезде жолуктуң да, эмне кылып жатканымды аңдабай сени менен жакындашып калдым. Мени кечирип кой, мынчалык болот деп ойлогон эмесмин. Мен күйөөмдү сүйөм. Сага да өзүңө ылайык кыз жолугат, баары өтөт, унутулат, – десем ал:

– Сен каалаган учурда жолугуп, каалабасаң таштап койгудай мен оюнчук же буюм эмесмин. Эмне үчүн ошол учурда мени кийин не болот, кандай абалда калат деп ойлободуң. Мен азыр сенин ошондогу абалыңдамын, – деп кеп укчу түрү жок. Анан бир топ талашып-тартышуудан кийин, – анда өзүң айткан ылайыктуу кыз табылганча менден эч жакка кетпейсиң, ага чейин күйөөңө билдирбей мурункудай жүрө беребиз. Ага макул болбосоң, күйөөңө баарын өзүм айтам. Эгер ишенбесе, мына булар менен далилдейм, – деп телефонунан экөөбүздүн WhatsApp аркылуу алты айдан берки жазышкан сөздөрүбүздү, кучакташып түшкөн сүрөтүбүздү көрсөттү. Эми чындап аргам кетти. Карасам карегине жаш айланып калыптыр. Талгатка ошол учурда ушунчалык жиним да келди, аяп да турдум. Эркектей болуп басып кетпейби ыйлактабай дейм. Кайра анын мага болгон сезимине чыккынчылык кылганыма уялып, айтор, бир чечимге келбей эки жакка кеттик. Талгат азырынча күйөөмө эч нерсе айта элек, бирок кайсы бир күнү бир балээнин үстүнөн чыгат го деп жүрөксүп жүрөм. Бирөө жарым үнүн катуу чыгарып сүйлөп, же Уландын бирөө менен сүйлөшүп калганын көрсөм жанымды коёрго жер таппай корко берчү болдум. Эми эмне кылам? Уланды кайра жоготкум келбейт.А Талгаттан кантип кутулам?..

Интернет булактарынан..