Эркек башым менен кеңеш сурап кайрылам деп ойлогон эмес элем. Соцтармактарда кыздар жазса шылдыңдап күлөт элем. Күлгөнгө күлө жеттим. Үйлөнүп жайланганыма 3 жыл болду. Башында апам келинчегим менен жакшы эле тил табышчу.Эмнегедир акыркы күндөрү экөөсү көп ирет айтышчу болду. Карасам апам айткан да туура, аялым айткан деле туура, ортодо эзилип бүтмөй болдум.Эшикке чыксам апам айтат катың мындай, катының тигиндей деп. Үйгө кирсем аялым ыйлайт апаң мени койбойт деп.

Көрсө эркекти бузуп, ичип кетүүсүнө түздөн-түз аялдар күнөөлүү экенсиңер. Ортодо бир пикирге келип оокат кылсаңар болот го. Кантсе да эне эмеспи деп бир эки жолу аялыма какс кукус кыр көрсөтүп кайра өзумдүн боорум ачыйт. Эркекте деле жүрөк бар баарын туят билет. Бирок силерчилеп көз жаш төгүп сыртка чыгарбайт. Бирөөсү мага өмүр берген адам, экинчиси менин туягымды улантып, балдарыма өмүр берген адам. Кээде энелер капа болбогула силер деле аша чаап кетесиңер. Аялыма болушуп коеюун десем ал анан башка чыгып, энемди такыр сыйлабай калат.

Апама болушуп таптакыр аялымдын башына камчы ойнотуп тура албайм. Балким ичип чуу салсам экөөнө тең мен керек болуп урушпай калабы деп да ойлоп кетем. Айтор, кээ бир эркек агалардын баарына чыдап туруштук берген эрктүүлүгүнө баа бердим. Кээде тажаганда башка менен жүрүп кетсемби, үйгө үч төрт күн келбей койсомбу деп да ойлойм. Аялдарга айла жок экен. Алыс кетпей кошунам Туку байкеге боорум ачыйт. Кайдагы бир ушактын айынан Россияда жүргөн жеринен  телефон аркылуу талак берип ажырашып кетти. Жеңе деле жакшы аял болчу. Көп сүйлөбөгөн ашыкча баспаган. Орто жолдон ушакчы аялдар сөз чыгарды апасы баласына айтты, көрүп билбей, териштирбей туруп эки жолго түшуп кете беришти.

Аялдар силер үй бүлө куту силерсиңер ыйык очогуңарды сактап, ушак айыңдан алыс болуп, ынтымакка өмүр сүргүлөчү. Биз жумуштан чарчап келгенде бириңер тамак берип, экинчиңер бата берип алкап турсаңар ошол эле керек бизге.