Нарын облусунун аймагында  киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, кесиптештерине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келишкен  отставкадагы милиция кызматкерлери жардам берип келишти. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин  төрагасы, милициянын отставкадагы майору Жолдошбек  Тентимишов  коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана алдын алууда алгылыктуу иштерди аткара алышканын бул маегибизде айтып берди.

  Саламатсызбы,   Нарын облусунун Ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңештери “Таажы вирус” тумоосу боюнча кандай иштерди аткардыңыздар?

    Нарын облустук Ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңештери  бүгүнкү күндө «Таажывирус» тумоосу боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн баштап, жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында түзүлгөн посттордо күнү-түнү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, тикесинен тик туруп кызмат кылган кызматкерлерге жолугушуп, ардагерлер өздөрү чогулткан акча каражаттарынын эсебинен атайын коргонуучу каражаттарын атап айтканда бет кап, кол кап тапшырылып,  ысык тамак-аш менен камсыздашты.

 Өзгөчө  кырдаал учурунда  милиция кызматкерлери  кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, жоопкерчиликти  мойнуна алып күнү-түнү дебей, калктын коопсуздугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салышты. Бул туурасында дагы эмнелерди айтып бере аласыз?

   Чындыгында эле, Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда коменданттык саат киргизилип, жарандарга сыртка чыгууга тыюу салуулар болуп жатты. Мындай учурда айрымдар баш ийбей,  жугуштуу ооруга кайдыгерлик менен мамиле кылып жатышты. Милиция кызматкерлерине да, бир топ эле түйшүктү алып келишти. Бирок, биздин кызматкерлер Теңир-Тоо элинин жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бет кап таратып, учурдагы абалды тартип, тазалык жана ынтымак менен жеңели деген аруу тилек менен  иштеп жатышты. 

Теңир-Тоо жеринде эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч. Сиздин оюңуз боюнча учурдагы кырдаалда жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мамиле кандай?

Эми коменданттык саат 1-майда алынды. Жарандар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн дагы тиешелүү өздүк гигиеналык талаптарды аткарып жатышат. Ошол эле учурда, милиция кызматкерлери дагы деле түшүндүрүү иштерин, тынымсыз жүргүзүүдө.  Тилекке каршы бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер да бул ооруга чалдыгышты. Бирок ошол кызматкерлер  өз убагында даарыланып, обсервациядан чыгып кайра катарга кирип өз милдеттерин аткарып жатышат.  Алар толук маалыматка ээ болгондуктан өз жакындарына жолобой, бул дартты жуктурушкан эмес.

 Бул дарт өлкөбүзгө  келгенден кийин милиция кызматкерлерине кандай милдеттер жүктөлдү?

   Милиция кызматкери элибиздин коопсуздугу, саламаттыгы үчүн ак ниет менен кызмат кылууга милдеттүү экендигин белгилөө менен, өздөрүнүн ден соолугун сактоого да кам көрүүсү зарыл экенин билишти.  Ошондой эле, өлкөбүздө болуп жаткан жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы  жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлери четте калбастан, өз мекенибизге катардагы кызматкерлер менен бирдикте элибизге кызмат кылууга дайым даярбыз. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул оору милиция кызматкерлерин да сынап өттү. Бирок айттырбай келген бул оору аталган кызматтагылардын кылын кыйшайтпай,  күжүрмөн даярдыкта турганын көрсөтө алды.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы