Турмушта ар кандай тагдырлар кездешет. 8-март болуп апама гүл алганы Моссовет тарапка бет алдым. Жол жээгинде катар тизилген апалар кооз гүлдөрдү сатат. Балпайган апанын жанына токтоп гүл канча деп сурадым. Мени кечке тигилип карап, менин кызыма аябай окшош экенсиң деп ыйлап жиберди. Жанына бир аз отуруп ал жайын сурадым.Көзүнүн жашын сүртүп, апа сөзүн улады.

    19 жашымда өзүмдөн 9 жаш улуу адамга турмушка чыктым.  Кудай буйруп боюма бүтүп, кубанычыбыз койнубузга батпай бапырап эле калдык. Күз айлары эле, бир күнү ичим катуу ооруп, доктурга жеткенче бала түшүп калды. Дарыгерлер ичиңден толук түшпөй калыптыр дешип, тазалап киришти. Аттиң, ошондо жаштык кылган экенмин. Билсем балким, дары менен түшүрүп алат белем. Андан бери бир топ жыл өттү балалуу боло албадык. Көрүнбөгөн доктур, молдо бакшы калбады. Акыры жолдошум экөөбүз келишип, бир бала, бир кыз багып алдык. Аларды өз балабыздан артык көрүп чоңойттук. Уулубуз жакшы жерде  иштеп, үй-бүлө куруп өз алдынча очор бачар. Кызыбыздын  атасы кыргыз апасы орус улутунан экен. Супсулуу келишкен  кыз болуп бой жетти. Биз балдарды бир айлык кезинен багып алгандыктан, сүрөттөрдү карап, асырап алганыбызды көп байкашчу эмес.  

    Кызыбыз окуу жайда окуп жүргөндө бир бала менен сүйлөшүп калды. Окуусун бүтпөй турмушка узаттык. Каап, ушул бизде кайнене деген каардуу, айбаттуу, айтканын аткарган адам бар. Жашоодо баары болот экен, бир күнү  кокусунан колунан чыны түшүп сынып калыптыр. Албууттанган кудагый, кызыма даалай сөздү айтып, бакма экенин, атасы кыргыз, апасы жеңил жүргөн орус аял экенин айтып тилдептир. Байкуш кызым ыйлаган бойдон үйгө келип, баарын айтты. Атасы экөөбүз чарк айланып, үстүнө түшүп алдасак да болбоду. Түн кирген кезде бизге узун кат калтырып, бакканыбыз үчүн рахматын жазып, бизди жакшы көрөөрүн айтып,сарайга барып асынып алыптыр. Тапкан эмес баккан дегендей кызымдын күйүтүнөн жолдошум оорулуу болуп калды. Күйөө бала ичип кетти. Ачуум менен алтымыш даана чыны сатып кудагыйымдын астына тыштап келдим. Сага жашоодо чыныдан артык эч нерсе жок экен дедим. Мына ушундай менин окуям деп жол жээгинде гүл саткан апа үшкүрүнүп алды.