Сессия бүтүп  айылга эс алганы келдим. Туулуп өскөн жеримди ушунчалык сагынган экем, абасынан кере жутуп, тоо этегинде жайгашкан үйдү көздөй кетип баратам. Жолдон Шайыр апа чыгып, маңдайымдан өөп учурашып, чоң жигит болуп калыпсың, качан келин алып келесиң деп тамашалап калды. Окууну бүтөйүн деп, сылык учурашып жолумду уладым. Ушул Шайыр апа аябай сулуу аял. Жаш кезинде, биздин айылга туугандарына эле келин болуп келет. Бир балалуу болуп  төркүнүнө барганда, башка айылдын жигиттери, ала качып, балам бар дегенине ишенбей коюшат. Ошондо жеңелери баласын көтөрүп барып, ал  эмизип анан араң жиберишкен экен. Азыр да 70 ке таяп калса да бетинен нуру төгүлүп турат.

 Адатынча апам жолумдан тосуп чыкты. Башымдан суу айлантып, түкүртүп туруп төгүп салды. Ал жай сурашып, бапырап эле отуруп калдык. Бир кезде кошунанын уулу чуркап келип, апамды чакырып кетти. Апам кеч келди. Эмне мынча көпкө отурдуңуз деп сурадым.  Апам маанайы анча жок экен. Ээ балам, эркектин кызганганынан кудай сактасын. Бул кошуна байкең такыр аялын тынч койбойт, тегирменден ун чыгарып, наркы кошуна Сабырдын баласы жеткирип  берген экен, ал сага келди деп аялын камчы менен чаап жиберсе, келин карай калган экен камчынын учу көзүнө тийип агып калаарына аз калыптыр, доктурга алып кетти деди. Мас бекен деп сурадым. Жок балам жөн эле ообу жоктук, түшүнбөстүк, караңгылык да деп койду. Анан жатып кечке ойлондум, бирөөнүн чырактай кызын алып, кирин жуудуруп, тамагын жасатып, жыргалга батып анан кантип кол көтөрөт?  Кызганыч адамды сокур кылып коебу? Балким,  мен үй-бүлө курбаган соң жакшы түшүнбөй жатсам керек?