Кайсы заманда, кайсы жерде экенин эч ким билбейт, айтор бир шаарда үйлөнүүчү эркектер аял тандап ала турган базар курулган экен. Базар деп айтылганы эле болбосо, ал жети кабаттан турган бир эле имарат болчу экен. Жети кабаттан турган бул имараттын ар бир кабатынан өзүнө жаккан аялды тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле дешет.

Бир ирет көптөн бери өзүнө ылайыктуу жар таба албай жүргөн адам ушул имаратка туш болуп калат. «Бул жерден өзүңүз каалаган аялды таба аласыз» деген жазууга көзү түшкөн жолоочу, көктөн издегени жерден табылганына сүйүнүп, дароо эле баш бакты. Биринчи кабаттын кире беришинде «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген аялдар бар» деген жазуу бар экен. Жолоочу аны бир дем менен окуду да, биринчи кабатка кирбестен экинчи кабатка көтөрүлдү. «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу аялдар бар» деп жазылып туруптур, экинчи кабатта. Жолоочу аны да кунт коюп окуду да, ичкери кирбестен үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Үчүнчү кабатта «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү аялдар бар» деп жазылган экен. Аны окуган жолоочу сүйүнүп ичкери кирүүгө кадам шилтемекчи болду. Бирок, үстүндө мындан да жакшысы болуп жүрбөсүн деген ой аны үстүңкү кабатка көтөрүлүүгө аргасыз кылды. Төртүнчү кабатка чыкса, анда «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн сыйлаган аялдар бар» деп жазылыптыр. Жолоочу ошол кабатка кирүүгө бел байлады. Бирок, баягы эле «мындан жакшысы болуп калаар» деген үмүт аны бешинчи кабатка алып чыкты. Анда «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн сыйлаган, бай аялдар бар» деп жазылыптыр. Эмнегедир жолоочу бул кабатка кирүүнү ойлогон да жок. Ал дароо эле алтынчы кабатка көтөрүлө баштады. Алтынчы кабатта «Бул кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн сыйлаган, бай жана тектүү аялдар бар» деп жазылган экен. Жолоочу аны бир сыйра окуп, жетинчи кабатка көтөрүлдү. Жетинчи кабатка маңдайы жарыла чуркап чыккан жолоочунун кубанычы суу сепкендей боло түштү. Анда «Сен бул кабатка чыккан 4 363 748-эркексиң. Бул кабатта эч кандай аял жок. Анткени бул кабат — «Эркектер эч качан ыраазы болбойт» деген сөздүн далили. Бизге келгениңиз үчүн ырахмат. Эскертүү: бул кабатка чыккан адам кайра артына кайта албайт. Сизди өзүбүз узатып коёбуз. Күнүңүз көңүлдүү улансын» деп жазылган экен. Көзү ымыр-чымыр болуп, жазууну аягына чейин оңдуу окуй албай жаткан жолоочуну эңгизээрдей болгон эки эме колтугунан сүйөдү да, ачык турган эшикти көздөй алып кетишти.

Ошентип, бул базардын канча убакыт иштеп турганы белгисиз, бирок бир да эркек ал жерден аялдуу болуп чыккан эмес дешет.