Коом

Журналист Баяна Кулова сотко чакыртылды

Журналист Баяна Кулова Бишкектин Ленин райондук сотуна чакыртылганын бүгүн, 5-июнда өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Анын сотко чакырылышы мигранттар тууралуу жазган макаласы себеп болгон.

«Таң калбаңыздар, ооба сотко чакырылдым. Азыркы заманда элдин, өзгөчө мигранттардын акыйкаттуулугун талашсаң ушинтип соттон сотко сүйрөлүп жашайсың.

Эсиңиздерде болсо, Кореядагы кыргыздардын акчасын алып кайра кайтарбай мигранттарды сызга олтургузуп кеткен Венера Мамбетова аттуу аял жөнүндө жазып эле келе жатабыз. Керек болсо бул аялга «алдамчылык» беренеси боюнча иш азыр кароодо жатат. Анан ошол Венера айым эми мен акчасын алдатып жүргөн мигранттардын үнүн коомчулукка чыгарып койсом кадыр баркыма доо кетирди деп тыйынга арзыбаган кадыр баркын миллионго баалап сотко бериптир»,-деп жазды Кулова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button