Адабият

«РухЭш» жеңүүчүлөрдү аныктады

Адабий чыгармаларды жарыялап, элге рухий азык берген «РухЭш» сайтты окурмандар арасында конкурс жарыялап, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Белгилүү болгондой, «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурс жүрүшүндө Фейсбуктагы окурмандар арасында атайы конкурс жарыяланган. Аталган конкурска келип түшкөн чыгармаларга сын-пикир жазган зирек окурмандар жана адабий ишмердүүлүккө жөндөмү курч калемгерлер арасынан чыгарманын көркөмдүк мазмунун кылдат талдоого алгандыгы үчүн төмөндөгү туруктуу окурмандар жеңүүчү деп табылган.   

1-орунга татыктуу эки ысым белгиленди. Алардын бири Рахат Аманова – «Талкууну кызыткандыгы үчүн»; Миргүл Өмүралиева «Калыс пикирлери, адабиятчылык дареметин көрсөткөндүгү үчүн» экөөнө 3000 миң сомдон 6000 миң сом байге;

2-орунга Абдысамат Сарала «Оригинал ойлору үчүн» 2000 миң сом байге;

3-орунга Залкарбек Назарматов «Дилгир катышкандыгы үчүн» 1000 миң сом байгеге ээ болушту.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button