Блогер блок

Атам өгөй апам менен ажырашып, жаш кызга үйлөндү

Бул  окуяны жазаарда  көпкө ойлондум. Балким сизге кызыктай туюлат чыгар, бирок бул чындык. Жашым 22 де. Өзүм тигүүчүмүн. Мен кичинекей кезде апам каза болуп, атам башкага баш кошту.Өгөй апам өтө  катаал болбогону менен кээде анча мынча мүнөзүн көргөзүп турчу. Мен 4 жашымда келген биздин үйгө. Бир уул, бир кыз төрөдү. Алар мени эже деп аябай жакшы көрүшөт.

Мен 19 жашымда турмушка чыктым. Пикирибиз келишпей жолдошум менен ажыраштым,ортодо бир кызыбыз бар. Атамдын үйүндө деле ажырашып бир кыз менен батуу кыйын болду. Бир күнү апам жакшы бир таанышы бар экенин, анын да баласы үйлөнүп бат эле ажырашып кеткенин айтып, мени ошол таанышы келин кылып алаарын айтты. Балким жакшы жашап кетемби деген ойдо, бала менен жолугуп,таанышып баш кошууга макул болдум. Ошентип экинчи ирет турмушка чыктым. Башында кайынэнем  кызыңды алабыз деген, кийин үйдө бала көп ансыз деле тайатасынын  үйүндө эле жүрө берсин деп чыкты. Ичимден убакыт өтсө алып келип алам дедим. Арадан эки ай өткөндө жолдошум Россияга кетти. Мен тигүүчү болуп цехте иштеп баштадым. Тапкан акчам жакшы. Россияга спорттук кийимдерди тигип жөнөтөбүз. Айлыгымды бүт кайынэнем алат. Алгач жолдошум менен телефондон сүйлөшүп турдук. Кийинчэрээк күндүз жумушка барганда чалсам алат, кечинде үйгө барганда өчүрүп сала  турган болду.

 Арадан убакыт өтүп атам менен өгөй апам  ажырашып кетишти. Атамды сотко берип, болгон байлыкты тең экиге бөлдүрүп алды. Ага чыдабай, атам мас болуп, кырсыктап, бирөөнү сүзүп кетиптир.  Болгон акчасын жарадар болгон адамга берип, доктурга каратып жатты. Акчасы калбай калганда менден 30 миң алды. Кайынэнемден сурап алып бердим. Бир ай өтө электе атаң алган акчасын берсин деп үйгө мени жөнөттү, кантсе да атам эмеспи, анын үстүнө өзүм иштеп тапкан акча болсо, сурай албай үйгө келдим. Кызым мени көрүп ээрчип ыйлады, өзүм менен кошо алып алдым. Үйгө келип кайынэнеме акчаны ананчырак берет экен деп койдум. Бир жума өткөндө кайра жиберди акчаны алып кел деп.Кайра атама бардым, атам сезди окшойт. Өзү кайын энеме чалып, акчаны бере турганын  бирок азыр жанында жок экенин, карантин болуп иши токтоп турганын айтты. Кызымды калтырып үйгө кеттим. Кайынэнем баягыдай эмес, жаман көзү менен кечке карады. Анан жолдошума чалып айтайын десем телефону өчүк. Акыры отуруп ойлодум, мен бул үй-бүлөгө акча иштеп берүү үчүн эле керек окшойм.  Өзүм батып кызым батпаса, өзүм иштеп күнү-түнү акчага ээ боло албасам. Жолдошум эки ай жашап кетип калса, чалсам албаса.  Акыры бир чечимге келдим да, кийимдеримди жыйнап атамдын үйүнө кетип калдым. Ал жакта атам өгөй апама ачууланып, жаш кызга үйлөнгөнү жатыптыр. Кайра жараш десем болбой койду. Жаш кыз азгырса керек. Кызымды алдым да батирге чыгып кеттим. Азыр санаам тынч, кызым жанымда, тапкан акчам өзүмө калат. Болгону кайра жаңылып калуудан коркуп калыпмын.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button