Жергебизде көптөгөн мүрзөлөр бар.Бир мүрзөдө бир топ жылдан бер көр казып иштеген адам ушул окуяны көздөрүнөн жаш агызып айтып берди:-«Мен кыйла жылдан бери адамдардын кызматын кылып келем бирок мындайды эч көрө элек элем.Былтыр жазында жол кырсыгынан көз жумган кырк жаштагы бир жигитти көмүш үчүн алып келерин айтышты.Кеч курун жаны үзүлгөн экен.Багымдаттан кийин жерге бере турган болушуптур. Анан көр казууга туура келди.Бирок эмнегедир көрүстөнгө көңүлүм жок келдим.Эң кызыгы көрүстөнгө келгенимде эч качан кылбаган ишти кылып койгонумду билдим. Кетменимди жана керектүү буюмдарымды үйгө алып кеткен экемин. Барып алып келип көр казууга кириштим.Эч эле жер казылбады.Күрөк, кетменимди текшерип көрдүм баары жайында.Жердин катуулугуна таңкалып турдум.Башка жерлерди да байкап көрдүм бирок жер таш болуп катып калгандай.Бир убакта жардамчыларым да келишип казууга аракет кылышты бирок эч майнап чыкпады. Багымдат намазынан соң жаназа окулган сөөктү алып келишти.Болгон ишти Имамга айтып бердим. Имам көзүнө жаш алып,сөөк ээлерине барып түшүндүрдү. Баарынын көзүнчө кайрадан казып көрдүк болбоду.Акыры алар дагы,биз дагы бир чындыкты түшүнүп турдук.Жер сөөктү алгысы келген жок!Имам менен сүйлөшүп сөөктү эптеп мурда чуңкур болуп калган жерге коюп көмдү кылдык.Ойго батып баарыбыз ыйлап тарадык.Эң жаман окуя эртеси күнү мен башка бири үчүн кабыр казып жатканымда ары жактан иттердин үнүн угуп калдым.Барсам кечээги койгон сөөк сыртка чыгып калыптыр.Иттер болсо аны…Окуя түшүнүктүү болсо керек.Иттерди кубалап,ичегилери чубалган сөөктү кайрадан жашырдым.Эртеси да иттер эч нерсесин калтырбаптыр. Белгисиз мүрзө болсун деп ошол жерди казууга кириштим.Баягы казылбай жаткан жер бул сапар пахтадай жумшак десең.Эч кимге бул окуяны билдирбедим. Көрдү каздым да кайра көөмп,бир белгисиз пенденин кабырына айлантып койдум.Ар күнү ушул белгисиз кабырга келип ойго батчу болдум.Баягы жер албаган жигит Кудайга жакпаган эмне иштерди кылды экен?Мага кандай кызыгы бар?!Бирок бул окуя мага өтө чоң сабак болду.Бүткүл дүйнөнү кыдырып жүрүп өлгөндө жатканга жер табалбай калышыбыз мүмкүн экен го.Аллахтан чырайлуу абалда жан берип,кабырыбыз нурлуу болушун көп-көп суранышыбыз керек тура.Бул окуя кээ бирине эч эле таасир бербеши мүмкүн.Бирок инсан өмүрүнүн акыркы кадамдарында кандай абалда болоруна кепилдик бере албайт.Аллахым сен бизге жетиштүүсүң! Адаштырбай сен бизди сактай көр!!!

Бул икая Асылай Атаханованын баракчасынан алынды.