Студент кезде ачка ток калып жүрүп, кокусунан бир кыз менен таанышып калдым. Аябай мээримдүү, жакшы кыз. Күндө жолугуп сүйлөшүп турчубуз. Бир күнү достор болуп Көлгө  эс алууга бардык. Он күндөй жолукпай калдык. Эс алуудан келип, жолугуп, сагындым деп кучактап, кандай болду билбейм, сезимдерге алдырып, ошол түндү бирге өткөрдүк. Ал кыз мага аябай ишенич артты. Ошентип бир түн эки түн болуп жүрүп көнүп кеттик. Ал кыз каршы болсо баарына айтам деп коркутат элем.  Бирок, сага үйлөнөм чын сөзүм деп өлүп кетчүмүн. 

Айылга каникулга келгенде апамдар жалгыз жүрбө деп үйлөп коюшту. Сүйлөшкөн кызым бар десем ага карабады. Шаарга келгенде баягы кызга жолуга албай качып жүрүп, окууну тыштап, аялымды алып Россияга кетип калдым. Арадан бир топ жыл өтүп, Бишкекте кокусунан ошол кызга кезигип калдым. Баягыдай сулуу, ошол бойдон. Жүзүнө араң карадым, абалын сурадым. Оор үшкүрүп, акыбалым жаман деди. Көрсө экөөбүз жолугуп жүргөндө боюма бүтүп калбасын деп дары ичип жүрүптүр. Азыр турмушка чыкканына көп жыл болсо да балалуу болбой жатыптыр. Жолдошум анча мынча төрөбөйсүң деп кыр көрсөтөт дейт.  Бир топ сүйлөшүп отуруп коштоштук. Жол катар ойлонуп келдим.  Үйгө жеткенче  өзүмдү күнөөлөдүм. Пайдаландым дедим, акмакмын дедим. Көзүмө жаш келди, ыза болдум. Эгер ал кызды мен алсам кандай болмок эле деп ойлодум. Ага бойго болтурбоочу дарыны ким айтты, кайдан билет?  Жаштар жаштыкка алдырбагыла. Жаза тайып жаңылыш тышталган кадам, сезимге алдыруу, орду толгус жоготуу менен коштолот экен. Ойлосом жаш кезде көзүмдү май баскан экен. Бир күндүк жыргал менен жашаган экем. Баардык эле нерсе биз ойлогондой болбойт экен. Чырактай кыздын убалына калганымды бүгүн түшүндүм.