Үйлөнгөнүбүзгө жыйырма бир жыл болду. Бир жылдай жолугушуп сүйлөшүп жүрдүк. Биринчи көрүп биринчи жолукканда эле мен аябай сүйүп калдым. Сүйдүм, мен үчүн ай десем айга, күн десем күнгө теңегиз периштеге жолуккандай болуп жүрдүм. Мага чейин сүйлөшкөн жигити бар экен, бирок ага тийбейм дечү. Буйрук экен акыры экөөбүз баш кошуп үйлөндүк. Не деген сонун күндөр өттү, не деген тойлор, не деген майрамдар ортодон жамандыктар да болуп кетти. Башка түшкөн нерсенин баарын чогуу көтөрдүк. Эмне болбосун акылдашып, кайда болбосун дайыма кол кармашып, жакшысын да жаманын да чогу көрдүк. Эл арасында, жолдошторубуздун ичинде үлгүлүү жакшы үй-бүлөлөрдөн болуп, туугандар арасында да барктуу болдук, кайын журтка да сыйга татыктуу семьядан болдук. Жашоо шартка байланыштуу 2000 — жылы россияга келип жашап иштеп калдык. 2001- жылы мен жакшы жумушка кирип 2005- жылы Россия Федерациясынын жараны болгонго да үлгүрдүк. Кудай таалам бизге түз карап «оомин» — деп, кридитке квартира да алдык. Кыйналып кысталып жүрүп 2015 — жылы андан да кутулуп бүттүк. Ортодон кудайга керек кишилер экен кайненем кайтыш болуп кетти, кийин аркасынан кайнатам да кетти, жакшы кишилер болчу, бечара кайненем өтө кыйын киши эле, аттиң ай азыр тирүү болгондо башкача кылып бапестем алат элем деп кээде ичимен кейип коём. Айтор ыраазымын ал кишиге.
Ошонтип Омск шаарында жашап жүргөнүбүзгө он жети жыл болду. Үч балалуу болдук Урмат, Бекзат ай чырайлуу кызым Асема. Бул жактан да элдин көзүнө көрүнгөн эң жакшы семьялардан болдук.
Не деген сонун кызыктуу күндөр, не деген той тамашалар бизсиз өтпөйт эле, ушундай барктуу эл суктанган үй-бүлөө болдук. Байып деле кеткен жокпуз, кедей да болгон жокпуз, айтор эл ортосу, эл катары жашап жүрдүк. Ортодон машиналуу да болдук. Кыргызстанга бир жылда бир барабыз, кээде шартка байланыштуу эки-үч жолудан барып жүрдүк. Убакыттар зымырап өтүп 2017-жыл да келип калды. Жайында балдар каникулга чыккан убакта жаңы машина алып Кыргызстанга бара турган болдук. Каникул да болду дагы жаңы машина алдык, бирок Чолпон барбай турган болуп калды.
Жумушунан отпускасы жай эмес күзгүгө туура келип калды, мурда кете турган болсок жылдырып же алмаштырып коюп кете берчү элек бул жолу андай болбоду. Чолпондун өзүнүн деле баргысы келбей «балдарды алып кете бер, барып эс алып келгиле»деп бизди узатып кала берди.
Балдарымды машинага салып алып өзүм эле жөнөп калдым…

* * * *

Кыргызстанда аябай жакшы эс алдык. Көлгө бардык, Бишкекте жүрдүк жоро жолдоштор аябай сыйлады. Таласка да бардык, күндө коноко бармай, тойлор болду, туугандардын баарын кыдырдык. Айылдагы жоро жолдоштор,туугандар баары бизди сыйлашат. Күндө конок күндө сый, айтор жалаң сый үстүндө жүрдүк. Андайды көрбөгөн балдарымдын кубанганы, бир кемчилигибиз мамабыз Чолпондун келбей калганына ичим атышып жүрдү. Ушул нерсенин баарын көрсө болбойт беле деп ичимен сыздап жүрдүм. Баардыгынын, сураганы эле Чолпон. Менин Чолпонум мен үчүн ушунчалык акылдуу, өң десе өң, чырайлуу, адамга жагымдуу, өтө так жүргөн, баардык нерсени туура чечкен, түз жүргөн аял деп эсептейм. Ошондойу үчүн тууган туушкандардын баардыгы жакшы көрүп сыйлашат. Маңдайыма ушундай аял жолукканына ыраазымын. Чолпонум менен баардык жерде сыймыктанам. Кайсыл жакта жүрсөк дагы дайыма видео звонок менен звонок кылып; «ушул байкушум келбей калды» деп баскан турган жерлерибиздин баарын, туугандарды, жоро жолдоштордун баарын көргөзүп жүрдүм. Ошонтип бир ай зымырап өтүп, Омскийге кайтып аман эсен жетип келдик.
Сентябрдын аягы Чолпонго отпуска бермей болду.
Москвада жакшы көргөн балдызым бар эле Кундуз, ошол жака барып эс алмай болду. Мен да «мейли кыргызстанга барбай калды Москваны көрүп эс алып көңүлү ачылып келсин»деп; аэропортко өзүм алып барып узатып жибердим. 25 күн мен үчүн ушунчалык узак болду. Кыргызстандан анча билинген эмес күндө опур топур, күндө нары бери болуп жүрүп. Бул жолу Чолпон жок уйубуздун берекеси жок, аңгырайт, балдарым да сагынып кетти. Мен да жүдөдүм, чынында мен да сагындым, Чолпонумсуз жашоом жок, алтыным,жаным менин аман эсен келсе экен деп күндө кудайдан тиленем.

* * * *

Чолпон келээр күнү эрте барып аэропорттон тосуп алдым. Ичимен сүйүнгөнүмдү айтпа, кудуңдайм тим эле. Үйүбүзгө жарык кирип бака шака, коноктор, жоро жолдоштор келип жыргап эле калдык. Балдарыма өзүнчө эле майрам мамабыз келип. Үйгө жаңы мебель да ала турган болдук.
3-4 күн өттү, бирок Чолпондун башкача болуп калганын байкадым. Москвага кеткенде жаман нерсе ойлоп алып өзүм кайра коркуп кетчүмүн. Чыдабай сурай баштадым, өзү да кыйналып кетти. Акыры чыдабай «Марат мен сени менен жашай албайм, экөөбүздүкү болбойт экен мен башкага кетем» дегенди укканда; кудайым ай асманым түшүп эле кетти го. Кудайым ай ошондогу менин абалымды эч кимге каалабайм. Ботодой боздодумго, жер чапкыладым, өкүрдүм, бакырдым, ичимдин атышканы. Мен үчүн жер астын үстүн эле болуп калдыго, жашоом токтоду, эмне кылаарымды билбей калдым, өлүп эле калайын дедим байкуш балдарым эмне болот. Ичим күйөт, кантип эле ажырап калам ушундай аялыман, кантип? «кантип, эмнеге, эмне үчүн» деген нерсе башыман кетпейт. Токойго барып карагай кучактап алып ыйлайм, машина менен шаардын бир бурчуна барып алып ыйлайм,сыздайм, боздойм, кудайга жалынам. Көрсө Кыргызстанга барбай атайын москвага барам деп план кылып жүрүптүр да. Мен анысын кайдан билейин. Москвага барып мурдагы жигити менен жолугушуп «чогуу жашайбыз» деп сөз беришип келиптир да. Жалдырадым,жалбардым, бутун кучактап ыйладым, «мен сени кечирем эч качан күнөөлөбөйм, чогуу жашайлычы алтыным, жаным, каным, жан биргем, берекем менин, мен сени сүйөм, сүйүп келгем» — деп жалындым, бирок болбоду көзүмөн куюлган жашка да карабады.Чынында эле сүйүп алгам, сүйүп келгем, дагы да сүйөм, сүйүп жүрүп өтөм. Акыры айлам жок мен да макул болдум. Кыйналбасын дедим, ал буркурап ыйлайт, «мени түшүнчү» дейт; мен да буркурап ыйлайм. «Макулмун Чолпон мен сени бошотом, алтыным менин, күнүм, бар кет» дедим; ушул сөздү айтып жатып ичимдин эзилгени кудайым ай жүрөгүм тилинип,тилинип эле калдыго. Оо кудайым ай, оо кудай эч кимге мындай нерсе каалабайм, эч кимге…
Арадан үч ай өттү жашообуз билбейм эптеген эле жашоо болуп жатат. Кетем деп кете албайт бизди кыйбайт. Жашайын дейт ою башка. Мен бармынбы жокмунбу баары бир болуп калды. Эмне күнөөм үчүн кудай ай, айткылачы, бир неме дегилечи эмне үчүн, кандайча, эмне кылам, мен эми кантем, айткылачы өлүп эле калам го бир күнү…

* * * *

Жашообуз ушинтип өтүп жатты бирок билбейм эптеп эле. Урушпайбыз, талашпайбыз эч нерсе эстегим келбейт, айткым да келбейт. Кудайдан тилегеним эле үй-бүлөбүз чачылбаса экен ушунча жыл чогуу курган нерсебиз бузулбаса экен балдарыбыз менен бактылуу болсок экен дейм. «Чолпон жаным менин экөөбүз тең кырктан аштык экөөбүздүн сүйүүбүз балдарга өтүш керек эле ушулардын келечегин ойлоп ушулардын жакшылыгын көрөөрдө эмне болдуң жаным менин, байлыгым биздин берекебизсиң…
Бирок баары бир болбоду, мени алдай баштады барып иштеп келем жиберчи деп туруп алды. Эч айлам калбады акыры өзүм алып барып узатып жибердим. Ошондогу менин абалым кудайым ай көзүмөн куюлган жаш, денемдин калчылдаганы жарык дүйнөм караңгы эле болуп калдыго, боздодум го сыздадым, ичимдин ачышканы ошол абалымды эч ким түшүнө албас эч кимге каалабайм. Кайсыл эркек өзүнүн сүйгөн аялын өз колу менен «мен сени түшүндүм кыйналбай бактылуу болчу» деп узатып жиберсин. Айлам жок айлам жок кантем эми…

* * * *

Арадан беш жарым ай өттү, мен көргөн күндү эч ким көрбөсүн. Ичимдин бук болгону, ичим ачышат, эмне кылаарымды билбей үч күн арак да ичтим, өлүп калыштын жолун ойлодум, бирок балдарымчы бул байкуштарым эмне болот, ушуларым үчүн жашашым керек болду. Жыл аягы деп школдо, садикте майрамдар көбөйдү мамасы жок дегизбей баардыгынан калбай барып жүрдүм. Кызым садикти бүтүрдү, коштошуу бүтүрүү кечеси болду, баардыгынын мамалары жүрөт, аларга кошулуп мен да жүрөм кем калбай ичимен кейийм ушул жерде Чолпон жүрсө болбойт беле деп… Телефон менен сүйлөшүп жүрдүк бирок мамилебиз начарлагандан начарлай берди. «Марат болду токтот биз уже чогуу жашап алдык» дегенди укканда кудайым ай дүнүйөм дагы бир жолу астын- үстүн болду го…
Ичиме батпай кетти, чыдыбадым жакшы көргөн бир иним бар эле ошого барып ыйладым айтым, бугумду чыгардым, бирок ага да толук айта албадым. Башка эч ким билбейт, жоро жолдоштор тааныштар, туугандар баардыгы сурайт; школго карата келет деп жүрдүм. Чолпон болсо «айта бер да болоору болду жашырганда не? Же аял башым менен мен айтайынбы?» деп ого бетер намыска тийип жүрдү. Сентябрь да келип калды балдарды, кызым биринчи класска барат дайындалыш керек, ал болсо келбей турган болуптур. Мына эми ошентип менин да жүрөгүм муздай баштады…
Мен го мейли балдар үчүн келсе болбойт беле дейм…
Дайыма сурайсыңар мына ушундай ачыгын айтканда, оозум менен айта албадым, кат аркылуу айтып бердим ыйлап жиберемби деп…

Бул катты алгандан бери эки жыл өттү. Азыр Чолпон Москвада экен, эч ким менен байланышпайт. Эң кызыгы баарынан кымбат болгон экинчи күйөөсү кылмыш дүйнөсүндөгү олтуруп чыккан киши экен, андан бир кыздуу болуптур…
Марат болсо балдары менен дагы деле Омскийде…

Асылай Атаханованын баракчасынан алынды