Коом

Абдираим Гапаров агайдын өрнөктүү өмүрү

Үсүбүздөгү жылдын 11-июлунда 68 жаш курагында бүтүн өмүрүн жаштарга билим берүүгө арнаган музыка мугалими  Абдираим Гапаров агай коронавирус илдетинен көз  жумган.

Агай коолунан көөрү төгүлгөн уста, чыгармачыл, жаштардын билим алуусуна колунан келген жардамын аябаган адам болгон. Айылда маданият үйүн жетектеп, маданий иш чараларда көркөм жетекчилик кылып, көчөлөрдөгү, мектептерда, класстарды кооздоп жазып, чийип сүрөт салган.

Ал,  1952_жылы 15-августта  Баткен облусунун, Лейлек   районундагы  Маргун айылында туулган.

1969-жылы  Токмок шаарындагы «Маданий-өнүктүрүү окуу жайынан  хор жетекчиси жана музыка мугалими, 1970-жылдан баштап мектепте музыка мугалим болуп иштеп баштаган. Аны менен катар Б.Бейшеналива атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан  «Маданий-агартуу иштеринин уюштуруучусу-методист»  кесибин алган жалпы 3 дипломдун ээси. 42 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Агай бир топ мактоо баракчалары, ардак грамоталардын ээси болгон.

Агайды жакын санаалаш жана бир туугандары, окуучулары төмөндөгүдөй эскеришти.

“Кесибине жарашкан көөнөрбөс көп кырдуу, сейрек кездешүүчү талант эле. Музыкылык аспаптар аккардион , фортопиана  профессиналдуулук менен кол ойногон инсан эле. Ошону менен катар көркөм сүрөт өнөрүнүн, коллиграфия чеберчилигинин, курулуш архитектура тармагынын устаты болчу.Тагдырдына жараткандан жаман ооруу себеп болуп, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Эртең 15-августа туулган күнү. Тирүү болсо 69 жашын чогуу тосмокпуз. Артында  7 бир тууганы, жубайы, 4 баласы, 10 небереси кала берди.Эми арга жок…. Баарыбыздын дубаларыбызды кабыл кылган болсун”,-дешет жакындары.

Агай өмүрүнүн акыркы жылдарында жубайы менен жеке менчик мектеп ачып балдарга билим берип келген.

Ал окуучуларынын, замандаштарынын эсинде, ачык мүнөз, сүйүктүү жолдош, мээримдүү ата,  билим алууну алдыңкы орунга коюп, ар убак алдыга умтулган адам катары кала берет.  

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button