Чырактын алсыз жарыгы тамак ичкен столго үлбүл тийип турду. Катуу шамал болгондуктан жарык жалп өчкөн. Төркү үйдө бир калыпта коңурук тарткан эркектин үнүнөн башка бөлмөдө эч нерсе угулбайт. Шырп эткен үнгө кулак сала эне ойлуу. Андан да шамды тиктеген кызы мелтирейт. Жарыктын көлөкөсүндө эне көптөн бери биринчи жолу кызын баам сала карады. Желкесине түйүлгөн чачы, куюлуп түшкөн кырдач мурду, узун кирпиктери көзүнө урунду. Өзүнүн эле жаш чагы. Ушул отурушунда кызы аябай бактысыздай туюлду. Жүрөгү тилинип кетти.
– Жаку, эмне отурасың, балам? Уктай бербейсиңби?
Селт этти кыз. Энесинин эмне дегенин укпай калган өңдүү.
– Эмне болду сага?
– Эч нерсе.
– Жок, сага бир нерсе болгон сыяктуу. Бир жериң ооруп турабы? Бирөө бир нерсе дедиби?
Кыз башын чайкай берди. Ордунан туруп баратып кайра отурду. Эчентен бери көкүрөгүндө жүргөн нерсени айтып жеңилдегиси келди. Апасына тике карады. Кызынын курч көз карашынан эненин көздөрү жалтанып кетти.
– Ооба, апа, мага бир нерсе болду. Азыр болгон жок, эс тарткандан бери болуп келе жатат. Сен сурадың го, бир жериң ооруп жатабы деп. Жүрөгүм ооруп бүттү, сен үчүн ооруп бүттү, соо жери калбады.
– Мен үчүнбү?
– Сен үчүн.
– Мен эмне кылдым?
– Ошо сен эч нерсе кылбай койгонуң үчүн. Өзүң үчүн эч нерсе кылбаганың үчүн ооруйт. Сен өзүң үчүн жашабаган жашоого боорум ооруйт.
– Эми атаңдын кылыгы үчүн мен күнөөлүү болуп калдымбы? Кызым, бул оору да…
– Апа, ичкени үчүн сен күнөөлүү эмессиң, бирок оору деп баарына көзүңдү жума бергениң үчүн күнөөлүүсүң. Ушу жашоону көрүп жашаганыбыз үчүн, тартынчаак болгонубуз үчүн, жашообузду эптеп кете албаганыбыз үчүн, эптеп кетсек да бактылуу болуудан коркконубуз үчүн күнөөлүүсүң. Канча жолу айттым, мени менен жаша, же байкемдин үйүнө жаша деп. Жок! Кайра эле келип аласың. Сага ушул кишинин азабын тарткан жагат окшойт деп ойлоп калдым.
– Жаку, мен… Мен силерди ойлодум. Силерди атасыз өспөсүн дедим. Анан да бул киши дебегин, ал сенин атаң…
– Кайсы бир учурда мен да ошентип ойлочумун. Сен күчтүү болгонуң үчүн өмүр бою зөөкүр күйөөнүн азабын тартып, төрт баласын өстүрдү деп. Бирок андай эмес экен. Сен коркконуң үчүн бизди бул ата менен жашатыптырсың. Сен өзүң менен кошо бизди бактысыздыкка дуушар кылдың. Мисалы, мен мыкты окуйм, кызыл дипломду колума алдым. Бирок бактылуу эмесмин. Анткени мунун баарын мен сен үчүн кылганымды билем. Өзүм үчүн эмес, сен үчүн! Мени менен сыймыктансын, өмүрү жазылбаган кабагы ачылсын, ушу адамдан кутулсун дедим. Байкем бизнести 16 жашынан баштады. Эмне деген жумуштарда иштеген жок. Бактылуу дейсиңби? Жок. Ал үй-бүлө күткөндөн коркот. Анткени силер бизди бактылуу болууга үйрөткөн жоксуңар. Бала бактылуу ата-энени көрүп чоңойгондо гана бактылуу боло алат. Биз эмне көрдүк? Уруш-талаш, атамдын сени сабаганын, кайра жүзүң көк ала болсо да келип ага кызмат кылганыңды. Бизди болгону курмандык кылууга үйрөттүң. Бизди бактылуу болгонго үйрөтө албадыңар.
– Силерди бактылуу болсун деп чыдадым. Чачылбасын, кандай болсо да бир үйдө болсун дедим. Ажырашып кеткенимде ар бириң ар башка туугандыкында өсүп калмаксыңар. Мен…
– Аракетиң акталган жок анда, апа. Сенин курмандыгың бизди бактылуу кыла албады. Сен чын дилиңден күлгөндө гана чындап сүйүнмөкпүз. Ичиңден кыйналып бизге күлүмсүрөп чай берип жатканыңды бизди сезбеди дейсиңби? Менин жүрөгүм зыркырачу. Көк ала жүзүң менен бизге күлүмсүрөгөнгө аракет кылган абалың жүрөгүмө тепчилип калгандай. Кана, бир балаң бактылуу болдубу, апа? Бири аракеч күйөөгө тийип, куду сендей алышып жүрөт. Экинчиси чет жакка кетип кабары жок. Байкем үйлөнгөн жок, мен…
– Жаку, антип айта көрбө. Сен бактылуу болосуң. Сөз бер. Эч нерсеге карабай бактылуу болосуң. Жаркылдагым менин, сен баарынан күчтүүсүң. Сен мага да, атаңа да окшобойсуң. Бизге көңүл бурба, суранам, бактылуу бол.
Эне ыйлап жиберди. Жаркынай көз жашын сүртө төркү үйгө кирип кетти.
Тизесин кучактаган эне шамды тиктеп отура берди. Өмүр ушунчалык тез өтөт тура. Кечээ эле этеги толо бала эле. Антип-минтип карагыча чоңоюп, уядан учуп кетишти. Азыр гана кызынын сөзүнөн улам өмүрүнө саресеп салды. Жашоосу чын эле айлангөчөк болуп өтүп кеткен экен. Тиричилик, зөөкүр күйөө, кайын журт болуп бир өмүрү өтүптүр. Тиштенип ушул күндөр үчүн чыдады беле? Заар сөздөргө, токмок жегенине кайыл болуп балдарым деген курмандыгы текке кеттиби? Жок дегенде балдарым бактылуу болсун деген үмүтү да акталбай калдыбы? Кайсы жерден жаңылды? Чыдабашы керек беле? Чыдашы керек беле? Кайсынысы туура болмок? “Тийген жериңден өлүгүң чыксын” деп кетирген ата-энеси. Ал андан башка жашоону билчү эмес. Башкача болушу мүмкүн эместей сезилчү. Кийин балдарын атасыз калтыргысы келбеди. Азыр алтымыш жашка таяп калганда гана өзүнүн өмүрү тууралуу ойлоду. Ал өзү үчүн жашаганды билбептир. Эң оболу ата-энесинин каалоосу үчүн, кийин балдары, үй-бүлөсү үчүн жашаптыр. Өмүрүнүн бир да барагында өзү үчүн бармагын деле кыймылдатпаган экен. Жакшы көйнөк кийип той-топурга деле барбаптыр. Көңүлү ачылбаптыр. Жактырган буюмун деле албаптыр. “Балдарыма жакшылык кылдым деп ойлосом, бактысыз күндөрдү тартуулаптырмын, күйөөмө жакшылык кылдым десем, ал дагы болбоптур, мен чындап ким үчүн курмандык кылдым?”
Ойлоно берди, таң агарганга чейин отурду. Шурудай тизилген күндөрү менен алышып жатты. Аялдын биринчи жолу “мен” деген нерсеси ойгонду. Эртең менен туруп уюн саап, бадага кошкону жатканда күйөөсү турду.
– Эй, катын, мага суу алып келип берчи. Өх, башым сынып жатат.
– Өзүң ал,- деди ал салкын гана.
Адатта чуркап барып суу алып келип, ысык чайын бергенге шашчу. Тиги олурая тиктеп алды.
– Эй, сага эмне болгон?
– Эмне болуптур?
– Бул үйдө суу сурасаң да бербейт. Бул үйдө мен эч ким эмесмин,- деп адатынча ызы-чуу сала баштады. Аялы мурункудай бөйпөңдөп жанына келбей, уйду айдап чыгып кетти. Ушул күндөн баштап анын ичинде бир нерсе ойгоно баштады. Сыртынан караганда баары мурдагыдай болчу. Кадимкидей күндө жасап жүргөн ишин кылып, коңшулар менен чай ичип, мал-келин жайгарып жүрдү. Бирок ички дүйнөсүндө согуш жүрүп жатканын эч ким байкаган жок. Күйөөсү бир күнү айрыны алып мурункудай качырды эле, сабынан кармай калды. Күйөөсүнүн канталаган көздөрү жаны кашая тиктеген аялдын көздөрүнө урунду. Биринчи жолу чегинди күйөөсү.
– Сен эмне, энеңди…- деп кайра качыра бергенинде түртүп жиберди. Тиги очорула отуруп калды.
– Сөгүнбөй сүйлөп жүр мага.
– Иттин катыны го…
– Ооба, мен иттин катыны болдум. Сага кошулуп ит болдум. Койнунда алып жатып ысыгымды сезген, жылуулугумду берген адамым түшүнбөгөндөн кийин мен ит болгонум качан?
– Эй, катын, сен башка бирөөнү тапкан окшойсуң. Тим элечи сени…
– Ооба, бирөөнү таптым. Көрсө, ал өзүм экем. Намысым, арым экен. Сени менен жашап жүрүп аял экенимди да унутуп калыптырмын. Мен эми таптым өзүмдү.
Айрыны ыргытып салып басып бараткан аялдын аркасынан аңкайып карап турду эркек. Көздөрүндөгү жашты сүртүп бара жаткан аял биринчи жолу өзүн эркин сезди. Очорулуп отуруп калган күйөөсүн элестетип жаш аралаш күлүмсүрөп бара жатты.
– Мен өзүмдү таптым!
Бул анын жан дүйнөсүндөгү төңкөрүш болчу.
Айлин
Интернет булактарынан алынды